Печать
Категория: Коом
Просмотров: 78

Бул тууралуу аталган компаниянын жетектөөчү адиси Таалай Оморов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Компания аны сатып алып, ижаралык турак жай механизми менен жарандарга берет. Бул механизмдин артыкчылыктары — баштапкы төгүмү  жана банктын катышуусу жок жүргөнү.

«Биз мамлекеттик компания болгон үчүн тендер аркылууу сатып алабыз. Берилген сунуштарды карап чыгып, бизге эң ыңгайлуу болгонун тандап алабыз. Коюлган талаптардын бири — батирдин бир чарчы метринин баасы 50 миң сомдон ашпашы керек», — дейт ал.

Ад учурда батир алууну каалап, компанияга кайрылган жарандардын саны 6 500 миңдей экенин билдирди.

 

"Марал радиосу"