Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда «Европа Биримдиги—Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында Австриянын тышкы иштер министри Михаэль Линхартты кабыл алды.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров Австрия тарапка экономикалык форумга колдоо көрсөткөндүгү жана катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
«Биз бул платформа келечекте Борбордук Азия өлкөлөрү жана Европа Биримдигинин ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн туруктуу механизми болуп калышын каалайбыз», - деди ал.
Мамлекет башчысы Австрия Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги маанилүү өнөктөшү болуп саналарын белгиледи.
Ал келерки жылы Кыргызстан менен Австриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын белгилөө пландалып жатканын эске салды.
«Бул убакыттын ичинде кызматташуунун жемиштүү жолун басып өттүк. Келерки жылы эки тараптуу кызматташуубуздагы маанилүү датаны эске алуу менен биз Австрияга бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү, кызматташуубуздун бардык багыттары боюнча биргелешкен жол картасын иштеп чыгууну сунуштайбыз», - деди Садыр Жапаров.
Ал Австрия менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин белгиледи.
«Бизде соода-экономикалык кызматташтык үчүн пайдаланыла элек олуттуу потенциал бар деп эсептейбиз»,- деген мамлекет башчысы Кыргызстан эки өлкө ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн товарлар тизмесин кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын ири гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрү бар экенине өзгөчө көңүл буруп, Австрия менен чакан жана кичи ГЭСтерди куруу боюнча кызматташтыкка кызыгуусун билдирди.
Өз кезегинде Михаэль Линхарт кыргыз тараптын меймандостугуна жана пандемияга байланыштуу кырдаалга караабстан иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурганына ыраазычылык билдирди.
Ал Австрия Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Анын ичинде Афганстандагы кырдаалды эске алуу менен регионалдык маселелер боюнча дагы.
Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле туризм чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Булак: Баракелде