Печать
Категория: Коом
Просмотров: 156

Инфраструктураны өркүндөтүү жана куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында,  УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштер улантылууда.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 4 батирлүү кызматтык үйүнүн курулушу аяктап, 2021-жылдын 3-ноябрында пайдаланууга берилди.

Көрсөтүлгөн квартираларды пайдаланууга берүү аземинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы К.К.Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.К.Кожоев, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Р.М.Мейматкулов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ветерандары катышышты.

Кызматтык үйлөрдүн курулушун подрядчы «Мега Профит» ЖЧКсы жүргүздү.