Печать
Категория: Коом
Просмотров: 88

Эки жумадан бери Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында көптөгөн адамдар  "Империя пицы" кафесинен сатып алган тамак-аштан уулангандыгы бүтүндөй коомдук тамактануу чөйрөсүн дүрбөлөңгө салып койду. Бир нече күндүн ичинде жабыркагандардын саны 318 кишиге жеткен. Анткени тиешелүү көзөмөл органдары аталган кафенин баардык түйүндөрүн убактылуу жаап салгандан тышкары, башка да коомдук тамактануучу жайларды каттуу текшере башташты. Бактыга жараша уулангандардын баардыгы сакайып, абалы оорлошуп кеткен жок.

Ушул жумада адистер  массалык ууланууга колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен лосось деген балыктын эти себеп болгондугун аныкташты. Так ошол азык сальмонелла бактериясын жугузган. Бул маалыматты журналисттерге мамлекеттик эпидкөзөмөлдүн жетекчиси Кубан Кундашев тастыктады.

"Алдын ала маалыматтар боюнча балыктын эти себеп болгон. Биз кайталап бакпосев жасадык. Ал массалык уулануунун себеби балыктын этинен экенин көрсөттү. Тооктун этин текшергенибизде, продукт жакшы экенин белгилүу болгон. Кафеге балыкты жеткирип берүүчүлөр алып келишкен. Кафеге карата чараны биз көрбөйбүз. Бул ишти иликтеп жаткан милициянын компетенциясына кирет. Кафенин ашканасына чийки балыктын эти келген - лосось. Ал эми аны ким жана кандай шартта алып келгенин укук коргоочу органдар аныктайт. Биз өз ишибизди аткардык" , деп Кундашев белгиледи.

Андан тышкары "Империя пиццы" кафесинде япон ашканасынын иши убактылуу токтотулганын кошумчалады.

Демек, аталган кафеге балыкты сырттан ташып келишкен жана анын сактоо мөөнөтү өтүп, бузулуп кеткен.