Печать
Категория: Коом
Просмотров: 263

Маалыматка караганда, ушул жылдын 31-октябрында болжол менен саат 18:30дар чамасында Сары-Челек коругунун кызматкерлери “Туура-Арык” тилкесинде болжол менен 5 жаштагы (терисиндеги издери боюнча аныкталган) маралдын ургаачысын мыйзамсыз атып, аны союп жатышкан топту аныкташты. Мыйзам бузгандар Аксы районунун Аркыт айылынын төрт тургуну экен. Жеке тинтүү жана айлана-тегеректи кароодо ок атуучу курал табылган эмес. Жаныбардын териси, башы жана эти материалдык далил катары алынган. Ушул тапта Кызыл Китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

"Мыйзам бузгандар Аксы районуна караштуу Аркыт айылынын төрт тургуну болуп чыкты. Алардын жанынан курал табылган жок. Жаныбардын башы, териси, эти далил катары алынды. Учурда кызыл китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Марал — Борбор Азия аймагында кескин азайып кеткен жаныбар. Кыргызстанда кызыл китепке киргизилген. Маралды мыйзамсыз аткандарга 1 миллион сом айып салынат. Ал эми өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынан алынса айып пул эки эсеге өсөт.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ: Марал (чыныгы бугу) бүткүл диапазондо саны кескин кыскарган жаныбар. Кыргызстанда алар аз санда жана Кызыл Китепке кирген.