Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы күн сайын жогорулоодо. Кымбатчылыкты токтотуу үчүн Нефтетрейдерлер ассоцияциясы Министрлер Кабинетине акциз салыгын убактылуу алып салууну сунуш кылган болчу. Бирок адистер менен депутаттар эгер аткаруу бийлиги мындай кадамга барса, анда бюджетти толтуруу кыйын болуп каларын айтышууда.
Мисалы, ЖК депутаты Эмил Токтошев мунай ташуучулардын сунушуна мындайча жооп берди: "Акыркы күндө бензин баасынын чукул көтөрүлүп жатканы коомчулуктун кызуу талкуусунда. Бул суроону тармактык комитет карап, көзөмөлдөн чыгарбоонун аракетин көрүп жатат. Ошентсе да, бааны башкарууда тараптардын биргелешкен аракети зарыл. Бул багытта Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаровго суроо жолдоп, Россия мамлекети менен маселени чечүүдө чечкиндүү кадамдар жасалууга тийиштигин айттым. Бирок, так жооп ала алган жокмун".
Бирок эл өкүлүнүн пикиринде, эгерде, баалар ооздукталбай турган болсо, башка товарлардын да наркына таасир этиши толук ыктымал.
Баалар саясатында акциз салыгын алып салууга болбойт. Себеби, бюджет толтурууда салыктын аталган түрүнүн орду өзгөчө. Ошол салыктар аркылуу табылган 3 млрд. сом пенсия төлөмдөрүнө жумшалат. Андан кол жууп калбашыбыз керек. Эң башкысы, бензин менен камсыздаган өнөктөш мамлекететер менен мамилени чыңдап, кырдаалдан чыгууда алардын тилин табуу гана жолу бар.
Президент С. Жапаров өткөндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Түркмөнстан менен электр энергиясынан тышкары бензин да сатып алуу боюнча келишим түзүлүп, алгачкы эшалондор Ош шаарына келе баштагандыгын айткан болчу. Бийлик мындан тышкары азыр дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү экономикалык кризистен гана эмес, экологияны да коргоо максатында электр энергиясы менен жүрө турган автомашиналарга өтүп жаткандыгын эске алып, электромобилдерди өзүбүздө чыгарууну колго алса жана чет жактан сатып алууга шарт түзүп берсе, эки көйгөйдөн арылат элек.