Өлкөбүздүн айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жогор жакты карап отурбай, өздөрү эле жакшы иштерди жасап, алгылыктуу демилгелерди көтөрүп жатышат. Мисалы, Баткен шаардык кеңеши 26-октябрдагы отурумунда шаардын аймагында кечки саат 21:00дөн эртең мененки саат 9:00гө чейин спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизген токтом кабыл алды.
“Алкоголдун зыяндуу жактарын эске алуу менен коомдук тартипти сактоо максатында шаардык кеңештин депутаттары спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү боюнча токтом кабыл алды”,- деп айтылатБаткен шаардык кеңешинин билдирүүсүндө.
Мындай токтомду кабыл алууга Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусу себеп болгон. Шаардык кеңеш акыркы убакта шаар аймагында майда кылмыштуулуктун саны өсүп, түнү көчө жарыктарынын өчүрүлүүсү да кошумча болуп жаткандан улам бул токтомду кабыл алганын билдирди.
Эгер башка аймактардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да Бишкекти эле карап отурбай, баткендиктердин жакшы жөрөлгөсүн колдооого алышып, өз аймактарында спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизсе, анда жалпы коомчулугубуз бир топ көйгөйлөрдөн арылат эле. Анткени ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ар кандай майда-барат кылмыштардан тартып, адам өлүмү коштолгонго чейинки чоң кылмыштар жана жол-транспорт кырсыктары ушул атың өчкүр арактын айынан болуп атыптыр. Балким, Баткен шаардык кеңеши кийинчерээк өз аймагында спирт ичимдиктерин сатууга биротоло тыюу салып, өз жашоочуларынын сергек жашоосун камсыз кылып калар.