Эл аралык “Global Firepower” компаниясы жыл сайын дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтингин жарыялап турат. Баалоодо дээрлик 50 көрсөткүч: анын ичинде аскер күчтөрүнүн саны, техникалык камсыздоо, каржылоо жана жоокерлердин мобилдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү сыяктуу критерийлер эске алынган.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан эң жакшы натыйжаларга жетишип, рейтингде 51-орунга чыкты. Казакстан 61, Түркмөнстан 86 жана Кыргызстан 93-орунда жайгашкан. Ал эми Тажикстандын армиясы 99-сапка илинген.

Ошол эле учурда “Global Firepower” тизмесине Ооганстан да кирген жана бул өлкө 75-орунда турат.

Рейтингде биринчи орунду АКШ, экинчи орунду Орусия жана үчүн орунду Кытай ээледи.

Эксперттер төртүнчү орунду Индияга, бешинчи орунду Японияга беришти. Дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын ондугуна ошондой эле Түштүк Корея, Франция, Улуу Британия, Бразилия жана Пакистан да кирди. Ал эми Азия өлкөлөрүнөн дагы бир армиясы кубаттуу деп эсептелген Иран өлкөсү рейтингде 14-орунду ээледи.

Жалпысынан “Global Firepower” рейтингине 140 өлкө кирген. Рейтингде эң акыркы саптарга Бутан, Косово жана Либерия илинген.

Албетте, Кыргызстандын армиясынын бул рейтингде ортодон төмөнүрөөк сапка илиниши кубанарлык да, өкүнөрлүк да маанайды жаратат. Болгондо да кошуналардын, Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң акыркы тизмедеги Тажикстандан жогору экенбиз.

Балким, аталган компания биздин өлкөнүн жаңы бийлиги тарабынан жалпы суммасы 100 млн. доллардын тегерегиндеги акчага бир нече учкучсуз учактарды, Россиядан көптөгөн курал-жарактарды жана Түркиядан азыр дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекеттердин кубаттуу танка, ракета, самолёт сыяктуу техникаларын асмандан туруп күлүн көккө сапыра турган “Байрактар” учкучсуз аппаратын сатып алып жаткандыгыбызды кошсо, бул рейтингден дагы бир топ жогорулап, душмандарыбызды сестентери белгилүү.