Печать
Категория: Коом
Просмотров: 134


“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому «Кийинки сатып алуу механизми менен ижарага берилүүчү турак жайдын» алкагында даяр турак жайларды сатып алууга тендер жарыялаганын маалымдады.  Бул боюнча Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Маалыматка караганда, пландалган сумма – 25 млн сом. Сынакка билдирмени 23-ноябрга чейин берүү керек.

Бишкек шаары – Түштүк магистраль – Жаш Гвардия бульвары – Жибек-Жолу – 7-Апрель көчөлөрүнүн арасында, бир батирдин жалпы аянты 60 чарчы мерден ашык эмес, жалпы аянты – 250 чарчы метр. Жалпы суммасы 15 млн сом.

Бишкек шаарынын административдик чектериндеги жалпы аянты 60 чарчы метрден ашпаган, алына турган батирлердин жалпы аянты 200 чарчы метр. Жалпы суммасы 10 млн сом.