"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери колунда жок үй-бүлөлөргө отун түшүрүп берет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 360 муктаж үй-бүлөнүн тизмесин берген.

Ишканада болжол менен Бишкектин муниципалдык аймагындагы куураган бак-даракты жана бутактарды кыюудан чогултулган 540 куб метр отун бар.