Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлери жана өздүк курамы терең кайгыруу менен, 2021-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери отставкадагы полковник Курманбаев Муса Узакбаевич каза болгонун билдирет. Кайгылуу окуяга байланыштуу маркумдун жакындарына УКМКнын ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы көңүл айтат.
М.У. Курманбаев Улуттук коопсуздук органында 1998-жылы “Калкан” терроризмге каршы уюмунун ыкчам кызматкери болуп баштаган, 1999-жылдан баштап жетекчилик кызматтарда, Нөөмөт кызматынын башчысы, 9-кызматтын бөлүм башчысынын орун басары- «Калкан» атайын багыттагы бөлүм штабынын жетекчиси болуп иштеген. Кызмат учурунда ал өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарган.
Муса Узакбаевич менен катарлаш кызмат өтөгөндөрдүн баары аны өз милдеттерин бийик сезген чыныгы офицер, жоопкерчиликтүү кызматкер катары эске калганын эскеришти. Мекенибиз анын эмгегин бир нече жолу баалап- жетишкендиктеринде көптөгөн сыйлыктар жана сыйлоо жөнүндө жазуулар менен топтолгон.
М.У. Курманбаев боорукер адам, жакшы дос жана ишенимдуу жолдош болгон. Ал биздин эсибизде ушундай адам катары калганын айтышты.
Ал ар дайым чынчыл жана калыс болууга үйрөтүп, МККнын салттарын сактоого, өжөрлүккө жана кең пейил болууга, күч органдарынын офицердик наамын бийик кармоого, өз Мекенин сүйүүгө үйрөтчү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги жана жеке курамы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.