Печать
Категория: Коом
Просмотров: 316

- Топчуке, Сиздин “Манаска” кызыгууңуз качан башталган?

- “Манастын” керемет дүйнөсүнө кеч келдим, кечигип аралаштым. Мен мектепте, окуу жайларда окуп, анан иштеп жүргөнүмдө жалпыга маалымдоо каражаттарында кез-кезде эле сөз болуп калбаса, “Манас”,  деги эле элдик оозеки чыгармалар жөнүндө айтылчу, алар даңазаланчу эмес. Мен өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында Лейлекте түрмөдө жатканда “Манасты” чындап окудум, ага чейин деле окугам, бирок Аркада жүргөнүмдө ага чейинки билимиме, даярдыгыма  таянып, жаңыча окудум, жаңыча түшүндүм. Ал таасирлер менин ошол убактагы күндөлүктөрүмдө жазылган. Ал таасирлер көңүлүмө тынчтык бербеди, аларды эл менен да бөлүшкүм, “Манасты” чечмелеп, даңазалоого пайдалангым келди. Анан 2012-жылы менин демилгем менен Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетте Манастаануу институту ачылды. Ал иштей баштагандан көп өтпөй эле институт ыйгарым, вазийпалары чектелген мекеме болорун, “Манасты”биринчи кезекте өз элибизге, анан бүткүл дүйнөгө даңазалап, таркатууга институттун алкагы тардык кыларын түшүндүм. “Манас” академиясын түзүү керек деген ойго келдим. Аны 2013-2015-жылдары акылымда калчап жүрдүм.

- Сиздин “Манас” академиясын ачуу жөнундө сунушуңузду өлкөнүн жетекчилери кандай кабылдашты?

- Ошол убактагы президент Алмаз Атамбаевге “Манас” академиясын түзүү жөнүндө  бир нече ирет кат жүзүндө кайрылдым эле, ал алакандай кагаз аркылуу  жооп да  бербеди. Анткени, анын айланасында улуттук маданиятка, руханий дөөлөттөргө кайдыгерлер, атүгүл манкурттар көп эле. Алардын көбүн “Манас” түгүл, кыргыз деле кызыктырмак эмес.

2018-жылы 27-майда жаңы Президент Сооронбай Жээнбековго жолугуп, оюмду айтып, Радлов, Валиханов, Жирмунский, Ауэзов сыяктуу окумуштуулардын пикирлерин, бааларын келтирсем ,ал менин сунушумду колдоду. Дүйнөлүк фольклордук мурастарды эң мыкты билген илимпоздор жүздөгөн эпостордун арасынан “Манасты” гана эпопея деп аташкан. Чындыгында көлөмү боюнча гана эмес, көркөмдүк-эстетикалык сапаттары, ой-максаттары  жагынан да дүйнөдө “Манаска” теңдеше турган эпостор аз. Бир эле Саякбай Каралаевдин варианты 500553 сап. Негизги варианттарынын баардыгын кошсо, менин эсебим боюнча 4 миллион саптан ашат. “Илиада” менен “Одиссеяны” бириктиргенде Саякбайдын вариантынан 20 эсе аз.Көлөмү боюнча  Саякбайдын вариантынан кийин индоарийлердин “Махабхаратасы” турат, 200000 сап.

“Манас” көлөмү, көркөмдүк-эстетикалык касиеттери боюнча гана эмес, идеясы, философиясы, максаты боюнча да дүйнөдөгү бардык эпостордон жогору. Маселен, “Илиаданын” негизги сюжетин катын талашуу түзөт.Он жылга жакын созулган согуш Елена деген сулуу аялды талашуудан келип чыккан. Анын айынан цивилизациянын туу чокусуна жеткен өлкө талкаланып, жок болот. “Махабхаратанын” негизги сюжети- бир атадан таркагандардын бийлик талашып, бири экинчисине душман болуп, бири экинчисин алдоо жолу менен  чүкөдөн утуп, анан беш бир туугандын бир сулуу аялга үйлөнүүсү, алардын чытырман токойго  14  жылга кетүусү  менен коштолот.

“Манастын” негизги идеясын  жана максатын, бир сөз менен айтканда, квинтэссенциясын элдин эгемендиги, ынтымагы, достугу жана биримдиги, ар намыс жана   айкөлдүк  түзөт. “Манаста” адамдын улуу сапаттары- мекенчилдиги,ыймандуулугу, адилеттүүлүгү, элдин эркиндиги үчүн кан-жанын аябай турган баатырдык негизги орунду ээлейт. Мындай сапаттар башка айрым эпостук элдердин оозеки чыгармаларында бар, бирок көп эмес. Эң улуу эпосторду жараткандар кыргыздар, индоарийлер, грекоарийлер жана персиарийлер. Калган ондогон өлкөлөрдө эпостор бар, бирок  алар өтө чакан, фрагменттик мүнөздө.Биздин эң жакын туугандарыбыздан болгон алтайлыктарда 260тан ашык эпос бар дешет, бирок Жирмунскийдин аныктамасы боюнча, айрым элдерде жомоктун деңгээлиндеги баяндар деле эпос деп атала берген. Жакуттардын эң чоң олонхосу 32 миң саптан турат.

“Манас” кыргыз элинин баатырдык, мекенчилдик  рухунан жаралган.Ал убактагы бир миллионго жетпеген 60, 40 уруу кыргыз 50 миллиондон ашкан кытай эли менен согушуп, жеңип да турган. Манастын чоң атасы Түбөй да Түп Кытайдын Бээжинин алган деп айтылып жүрөт.

Ошентип бир сөз менен айтканда, Президент Сооронбай Жээнбеков менин сунушумду дароо колдоп, “ачабыз” деген сөзүн айтты. Ошол жылдын аягында Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип калды. 11-декабрда президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев мага телефон чалып, “ академия эле ачып жүрө беребизби, жаңы академияны “Манас” жана Ч.Айтматов” деп атасак кандай болот?- деди эле мен ага даяр эмес элем, оозума “Манас” менен Айтматов алп каракуштун эки канатындай,эмнеге болбосун, болот” деген сөз келиптир. Президент эртеси Айтматовдун 90 жылдыгында сүйлөгөн сөзүндө “Манас” жана Чынгыз Айтматов  академиясы түзүлөрүн маалымдады. 2019-жылдын 31-январында Академияны түзүү жөнүндө Президенттин Жарлыгы чыкты.

- Академия ачылгандан кийин да көп талаштар болгон дешет го?

- Ооба, ал чын. Эмнегедир Президенттин Жарлыгынан кийин аны ишке ашыруу өтө кечигип кетти. Же Өкмөттүн Академиянын уюштуруу документтерин, штаттарын, каржысын аныктаган токтому төрт айдан кийин, 3-июнда чыкты.

Академияга Улуттук деген макам берүү да, президентти дайындоо да талаш болду. Мен  он жылдай жүгүрүп жүрүп Академияны ачтырдым, аны эч ким танбайт, бирок  президенттикти көптөрү талашты. Айрымдар Академияга президент болуу үчүн Кыргызстандагы аттуу-баштуулардан гана эмес, башка өлкөлөрдө жашап, иштегендерден  да кол топтошуптур. Башка мамлекеттердин адабиятчы, илимпоздорунун биздин Академияга кандай тиешелери бар, аны алигече түшүнбөймүн.

Андай иштер Сооронбай Жээнбековго да жеткен экен, ага ырахмат, “академия ачуу жөнүндө идеяны көп жылдар бою бапестеп, жүгүрүп жүрүп, аны Топчуке ишке ашырса, башкалардын ага кандай тиешеси бар? “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясын Топчуке жетектейт” деп  ал кесе айтып коюптур. Академияга Улуттук деген макам берүүдө да интригалар болду. Илимий чөйрөдөгүлөрдүн бир тобу; “академияга дароо эле Улуттук деген макам берүүгө болбойт. Беш-алты жыл өтсүн, иште өзүн көрсөтсүн, анан ал маселе каралышы керек” деп чыгышыптыр. Аларды жогортон колдогондор да бар экен. Мен жетекчилерге: “Манастан” да Улуттук деген макамды аяйсыңарбы? Берсеңер азыр бергиле” деп ачык айттым эле, ойлонуп көрүп, менин сунушумду колдошту.

Штаттарын аныктоодо да талаш-тартыштар  болду. Биз Академияга 75 штаттык бирдик берүү тууралуу сунуш киргизсек, аны өтө көп дегенинен 54кө түшүрдүк. Жыйынтыгында  бизге айтпастан, дебестен 36 гана штат беришти. Кызматкерлердин айлыктарын ортодон жогору кылып берүүнү сурансак, ортодон төмөн кылып салышты. Аны мен Өкмөттүн токтому чыккандан кийин көрдүм. Ошентип айлык жагынан өтө бечара болуп калдык.

- “Улуттук” деген макамдын кандай артыкчылыктары же жеңилдиктери бар?

- Анын жалпы мамлекеттик деңгээлдеги “бийик мекеме” деген гана мааниси бар. Башка артыкчылыктары же жеңилдиктери жок. Болгону ,ар кызматкердин маянасына орто эсеп менен 1 миң сомдон кошулат экен.Менин оюмча, Улуттук деңгээлде кастарланган мекеме деген макам берген соң жок дегенде кызматкерлеринин айлыктарына 5 миң сомдон кошуу керек эле. Ал кийинчерээк болсо да ишке ашат деп ойлоймун.

- Сиз адегенде “Манас” академиясын түзүү гана сунушталган, ага Айтматов кийин кошулуп калды дегендей ойду айттыңыз. Эпос менен ХХ  кылымдын жазуучусунун чыгармачылыктарын катар изилдеп, иликтөө кыйынчылыктарды жаратпадыбы?

- Академиянын биринчи милдети - “Манасты” өз өлкөбүздүн окурмандарына гана эмес, чет өлкөлөргө да даңазалап, кеңири жеткирүү. Мында кемчиликтер көп. Жети жыл мурда менин демилге, сунушум менен жогорку окуу жайларына Манастаануу сабагы  киргизилген. Окуу китебин, усулдук адабияттарды, программасын даярдап баштаганбыз. Манастаанууну атайын программалардын, окуу-усулдук адабияттардын негизинде балдар бакчаларынан баштап, мектептерде улантып, улам кеңейтип, татаалдантып, аны адеп-ахлактык тарбияга байланыштырып, айкалыштырып,  атайын жана жогорку окуу жайларына чыгарып, мамлекеттик сынакты киргизүү  керек эле. Адеп-ахлактык, ыймандуулук, мекенчилдик боюнча “Манастан” өткөн кандай үлгү бар?

Экинчисине келе турган болсок, Чынгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөгө кеңири таркаган. Анын чыгармаларын, өмүр жолун иликтеп, изилдегендер дээрлик баардык өлкөлөрдө бар. Биз дүйнөдөгү “Манасты”, Чынгыз Айтматовду изилдегендердин баардыгын тактап, аныктап, алардын дүйнөлүк бирикмесин түзүү боюнча иш алып баруудабыз.

- Академиянын уставдык милдети, максаты кандай? Окумалдардын арасында  Академияны илимий эмес, агартуучу, пропагандалоочу мекеме катары эсептегендер да аз эмес.

- Өкмөттүн токтому менен бекитилген Жобого ылайык, биздин Академия илим изилдөө иштерин да жүргүзөт, жүргүзүп жатат. Биздин алдыбызга “Манасты”, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын изилдөөнү дүйнөлүк гуманитардык  илимдердин деңгээлине чыгаруу милдет кылынып коюлган. Бирок, биздин Академия боюнча Президенттин Жарлыгында, Өкмөттүн токтомунда бир кемчилик бар, аларда “Манасты”, Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө жөнүндө көп айтылган менен Жарлыктын же Жобонун бир жерине да Академия илимий мекеме катары эсептелет деп жазылган эмес. Бирок, манастаануу, айтматов таануу илимдерин дүйнөлүк гуманитардык илимдердин деңгээлине чыгаруу талабы ачык айтыоган.Токтомго өзгөртүү киргизүү боюнча аракет кылып жатабыз.

- Буга чейин  “Манасты” саясый, идеологиялык максаттарда пайдалануу аракеттери да көп болду. Алсак, Акаевдин убагында “Манастын 7 осуяты” деген концепция иштелип чыгылып, аны окуп, үгүттөө мектептерге чейин киргизилди. Жаныш Рүстөнбеков  Ошто губернатор болуп турганда мектептерде “Семетей”, “Сейтек”, “Күлчоро” уюмдарын түздүрдү. Бирок, алардын бири деле элге алынып кетпеди, өнүктүрүлбөдү. Дагы деле андай аракеттер болууда. Мындай маселелерге Сиздин көз карашыңыз, позицияңыз кандай?

- “Манастын” жети осуяты делген чала болуп калган. “Манаста” осуяттар абдан көп. Алардын айрымдарын, бөлүп, иргеп алып, өздөрүнүн жекече, топтук кызыкчылыктарына пайдалануу, “Манастын” атын жамынып алып, аны бурмалоо  аракеттери болгон, мындан ары да боло берет окшойт. Ага бир мисал - Бүбү Мариям дегендин он томдук “Жайсаң Манасы”. Ал “асмандан мага ушундай аян келип жатат” деп 10 том жазды, аны жакшынакай кагаздарда, мукабаларда чыгарды, айрымдарын чет тилдерге котортту. Бирок, ал “Манастын” классикалык фабуласын, түзүлүшүн бурмалап салгандыктан аны  адегенде Жумгал оодандык, анан Нарын шаардык соту экстремисттик чыгарма деп тапты. Ага Жогорку Сот биротоло чекит койду. 

КРнын Баатыры Бексултан Жакиев “Кыргыз элинин баатырдык эпосу” деп, “Манастын” кыскартылган вариантын түзүп,  аны Билим берүү министрлигинен “Мугалимдер үчүн  усулдук” деген гриф  менен “чыгарып, эки ирет бастырды эле, андан мектеп программасына ылайыксыз оркойгон эки ката бар экенин кийин көрдүк. Анын 124-бетинде Манас менен Каныкейдин биринчи түнүндөгү оргиялар басылып кетиптир. “Манаста” гана эмес, элдик оозеки чыгармалардын айрым түрлөрүндө эротикалык, сексуалдык эпизоддор, атүгүл классикалык жазма адабияттын айрым шедеврлеринде деле ашыгы менен, бирок “Манасты” кыскартканда, адабий жанрлардын, искусствонун  башка түрлөрүнүн, аудиториянын өзгөчөлүктөрүн да эске алуу керек. Жер-жерлердеги мектептердин мугалимдеринен нааразылыктар көп болгондуктан Билим берүү жана илим министрлиги 2018-жылы февралда Бексултан Жакиевдин китебин окуу программасынан, мектептердин китепканаларынан алдырып салганга аргасыз болду. Баса, автор китебин “манастын” канондук варианты” деп орунсуз жазып алган...

“Манасты” башка тилдерге которуу, адабиятта, кинодо, искусстводо чечмелөөлөр көп эле болгон, азыр деле болууда.”Бирок, алардын дээрлик баардыгы “Манастын” өз деңгээлине жетпей жатат. С.Липкин убагында эпопеяны “Манас великодушный” деп которуп чыгарган, бирок анда оригиналга жат бурмалоолор көп. Мелис Убукеев өз  кино тасмасында Манасты мифологиялык каарманга айландырып салган. Менин оюмча, Т.Герцендин эпопея боюнча тарткан сүрөттөрү гана максатына, өз деңгээлине жеткен.

- Илимий булактарга ылайык, “Манас” айтуу өнөрү качан башталган, манасчылыктын калыптануусуна ким чоң салым кошкон?

- Манас жана анын эрдиктери жөнүндө баянды алгач айкөлдүн 40 чоросунун бири- Ырамандын ырчы уулу баштаган. Адегенде ал айрым окуяларды, эпизоддорду гана айтса керек. Кийин аларды кураштырып, эпостун алгачкы вариантын түзгөн го. Ал вариант бизге жетпеди, бирок негизги сюжеттик өзөгү, гениалдуу саптар ошондон келатат.

Айың менен күнүңдүн,

Бир өзүнөн бүткөндөй.

Алтын менен күмүштүн,

Ширөөсүнөн бүткөндөй.

Асман менен жериңдин,

Тирөөсүнөн бүткөндөй.

Түбү калың кара жер,

Манаска жердигинен түткөндөй.-деген улуу саптар Ырамандын Ырчы уулуна тийиштүү деп Тоголок Молдо да жазып кеткен.Андан кийин “Манасты” ирээтке келтирип, бир системага салган Х1У кылымда Баткен тарапта жашап өткөн  улуу Токтогул манасчы болгон. Ырамандын Ырчы уулунун жогорку саптарын кийинки генийлер да андан ашыра айта алган эмес. Бул саптарды баарыбыз жакшы билебиз, бирок  терең мааниси изилдөөчүлөр тарабынан  толук ачыла элек.

Терең мааниси мында: Орозду бабабыз   дүйнөдөн кайтканда анын балдарынын бири да эрезеге жете элек экен. Аны билген Кытайдын ханы Алооке кыргызга ушунчалык чоң кыргын салат.Ошондо бир айтымда,  кыргыздын ногой менен нойгутунан 72 эле түтүн, экинчи айтымда 40 түтүн эле эл  калат. Алар да кары-картаңдар менен жаш балдар экен.Ошондо кыргыздар биротоло жоголсун деп бирин Беренге, бирин Тереңге, бирин Каңгайга,бирин Алтайга бириндетип таркатат. Боюнда бар аялдардын курсактарын жарып, түйүлдүктөрүн даңгыт менен маңгыт деген иттерине жем кылса да,  эл жок болбойт, манас төрөлөт. Жоготууга  канчалык аракет кылса да, “түгөнгөн сайын түтөгөн” дегендей, кыргыз дагы башка тукум куруттарга чыдап, кайра көбөйөт, күчөйт. Лев Гумилевдун сөзү менен айтканда, пассионардык чыңалуусу менен улуу элге айланып, мына ушул күнгө чейин жок болбой келди.

“Айың менен күнүңдүн, бир өзүнөн бүткөндөй” деген, кыргызды теңир колдоп, он сегиз миң ааламда жок Манас баатыр төрөлгөн. Ал таң атканда төрөлгөндө айдын, күндүн чексиз нуру Манастын денесине өтүп сиңсе, Манас өлгөндө алар кайра чыгып кеткен делинет. “Түбү калың кара жер, Жердигинен түткөндөй” дегени, Манас үчүнчү аялы Каныкейге күйөөлөп барганда боз үйдүн төрүндө малдаш уруп олтурат. Аны көргөндө дасторкон жайганы  кирген  аял эси ооп жыгылып, Сагынбайда андан ары өтүп кеткен деп сүрөттөлөт. Кийинки  окуяларда  Манастын теңдешсиз күчү сүрөттөлгөнүн жакшы билесиздер.

 

- Эми кайрадан Академияга кайрылсак. Эки жылдын ичинде эмнелер аткарылды?

- Баардыгын айта берсе, көпкө созулат. Эки жылдын ичинде Академияда; манастаануу, айтматовтаануу, эл аралык байланыштар, кыргызтаануу, дүйнөлүк цивилизацияларды изилдөө,- деген беш бөлүм ачылды.Алгач айтылган үч бөлүм түшүнүктүү. Кыргызтаануу Кыргызстандын бир да илим изилдөө мекемесинде жок. Орхон-Энесай жазууларынын кыргызга таандык экендигин Даниялык окумуштуулар алда качан ырасташкан.Андан кийин орус окумуштуулары далилдешти. Мындан беш-алты жыл мурда кыргыздын байыркы жазмаларын сактап, үйрөнүү боюнча мыйзам долбоору даярдалды эле, Кыргыз-Орус славян университетинен бирөө тескери сүйлөп койгон экен, аны токтотуп коюшту. Дагы ким эмне дейт деп коркуп отурабыз.

Байыркы көчмөн кыргыз цивилизациясы боюнча кыргызча, орусча, англисче чоң монография чыгардык. Аны Кыргызстандагы бир катар аттуу-баштуу окумуштуулар колдошуп, жакшы пикирлерин, каалоолорун айтышты. Ушул илимий гипотезаны терең изилдеп, үйрөнүү  үчүн “цивилизацияларды изилдөө”деген бөлүм ачылды. “Манастагы” гипер текст боюнча бөлүм ачуу жөнүндө ойлонуп жатабыз.Эларалык маанидеги онго жакын илимий-практикалык конференцияларды  уюштуруп өткөрдүк. Анын кыр чокусу 22-25-сентябрда өткөрүлгөн “Дүйнөлүк эпостордун эл аралык 6-фестивалы болуп калды. Ага 22 өлкөдөн  келген окумуштуулар катышты. Анда “Манасты” дүйнөгө даңазалоого негизги басым жасалды. Ондон ашык монографиялар, изилдөөлөр китеп болуп чыгарылды. Дүйнөлүк эпосторду изилдөөчүлөрдүн эл аралык уюму түзүлгөнү жатат. Аны Санкт-Петербург, Батуми, Пекин, Анкара шаарларындагы илимий мекемелер колдошууда. Дүйнөдө “Манасты” изилдеген ондогон илимпоздор бар, айрымдары кыргыз изилдөөчүлөрүнөн мыкты иштерди жүргүзүшүүдө.    

“Манасты” биринчи мындан алты кылым мурда жашаган Сайпидин Аксыкенти кагазга түшүргөн. Ал азыркы Намангандын жанында жашап өткөн. Аны Омор Сооронов бир дамылда менен биргеликте кыргызча которуп, китеп кылып чыгарды. Биздин максат; дүйнөдө “Манас” жөнүндө жазылгандардын баардыгын том-том кылып чыгаруу. Биринчи томун 800 беттик көлөмдө китеп кылып чыгардык, ага жакында арабыздан өтүп кеткен Ташманбет Кененсариев чоң салым кошту. Азыр кийинки томун даярдоодобуз. Жирмунский “Манасты” эпопея деп атаган. Евгений Мелетинский “Происхождение героического эпоса” деген  илимий эмгегинде “Манаста” миф менен кошо тарыхый чындык да бар. Анда тарыхый чындык үстөмдүк кылат” деп айтат.  Аны биз эмгиче өнүктүрүп, кеңири изилдеп, далилдик базасын түзө албадык. Эпопеяда 600-700гө жакын уруулар, элдер, ондогон мамлекеттер жөнүндө  айтылса, алардын көпчүлүгү азыр да бар.Топонимдер абдан көп. Эгерде алардын тарыхый негиздери болбосо, бир дагы гений адам, гений эл жок жерден алардын баарын жарата алмак эмес. Ошондуктан бул багытта да изилдөөлөрдү, иликтөөлөрдү улантабыз.Ал “Манасты” кеңири түшүнгөнгө, таркатканга салымын кошот.

- Эпосторду, легендаларды, алардын деңгээлиндеги чыгармаларды  көркөмдүк жактан чечмелөө болуп келген. “Фаусттун”, “Дон Кихоттун” чечмелөөлөрү абдан көп. “Манасты” Касым Тыныстанов, Зияш Бектенов, Ташым Байжиев, Жалил Садыков, Ашым Жакыпбеков ж.б. көркөмдүк жактан чечмелешти. Касым Тыныстановдун “Академиялык кечелерин” убагында эскини даңктаган, мактаган деп айыпташып, тыюу салышкан. Анын текстин элдин көбү билбейт. Анан эпикалык доор, эпикалык аң сезим эбак өткөн. “Манасты” жаңыча чечмелөөлөр боюнча оюңуз, көз карашыңыз кандай?

- Касым Тыныстанов улуу мамлекеттик ишмер, чоң илимпоз болгон. Анын чыгармасына Токомбаев каршы чыккан. “Манасты” дүйнөгө даңазалоодо Кыргыз мамлекети негизги милдетти өзү алышы керек.Ага  биздин Академиянын толук күчү жетпейт. Эмнеге? “Илиада” боюнча бир нече, “Махабхарата” боюнча 5  көркөм фильм тартылган. “Манас” боюнча  Мелис Убукеев бир фильм тартса, анын идеясы туура эмес болуп калган. Көркөмдүк жагы деле орточо. Идеясы таптакыр туура эмес, “Манаска” маска кийгизип койгон.“Махабхаратада”, “Илиадада” атактуу баатырлар бар, аларды таманына атса гана өлөт. Алардын жүздөрүнө эч ким маска жабыштырган эмес.Көпчүлүк окумуштуулардын пикирлери боюнча, мифи болгон менен “Манас” тарыхый инсан. Ага маска тагуунун зарылдыгы жок болчу. “Манас”, “Эр Төштүк” эпостору  гана эмес, элдик оозеки чыгармалар боюнча да анимациялык фильмдерди тартуу керек. Биз өтө эле кеч калдык. Менин 14 неберем бар, алар Уолт Дисней, орустар чыгарган  мультиктердин негизинде тарбияланды. Биз анимациялык фильмдерди эми чыгаруудабыз. Көпчүлүгүнүн деңгээли орточо. “Манас” боюнча анимациялык фильмдер жок дегенде ортодон жогорку деңгээлде болбосо, аларды эч ким көрбөйт. Анткенге акыбыз жок. Төрт жыл мурда Эрнест Абдыжапаров деген режиссёрдун Саякбай жөнүндө киносун студенттерим көрүшүп, “ушундай да начар фильм болобу” деп жер тепкилешкен. “Манастын уулу Семетей”деген кинофильм тартылып бүтүп жатат дешет, азыр ал тууралуу ар кандай пикирлер айтыла баштады,  аны көрө электе бир нерсе дей албайм, бирок режиссору эч кимге белгисиз адам экендиги чындык. “Манастай”руханий чокуларды тартуу  көрүнгөнгө эмес, өзүн ага чейин искусстводо мыкты көрсөткөндөргө гана берилүүсү зарыл.

“Манастын” классикалык  варианттарын дүйнөдөгү негизги тилдерге эптеп-септеп эмес, эң жогорку деңгээлде которуу керек. Кыргыздардын ичинен андай котормочулар чыкмайынча “Манасты” дүйнөгө таанытуу кыйын. Кыргызстандын борбору Бишкекти Манас деп атоого эбак мезгил жетти. Мен ал тууралуу 2010-жылы демилге көтөрсөм, бир топтор, маселен  Кубан Мамбеталиев баш болуп каршы чыгышкан. Тилекке каршы, бизде айрымдар уруунун деңгээлиндеги адамдарды жалпы улуттук баатырдан жогору койгулары келип жатышат. Кыргыздардын улуттук деңгээлдеги баалуулуктарын өз деңгээлиндей  баалап-барктоонун жок болуп баратканы өкүндүрөт.

Бул багытта мамлекеттик саясат, идеология болбой жатат. Бир мисал. Жайкы олимпиадалык оюндарда байгелүү орундарды ээлегендердин ар бирине миллиондогон сомдор, машина, батирлер берилди. Буйрусун аларга, мээнет кылгандар үзүрлөрүн көрүшсүн. Чолпон-Атада эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган ат оюндарында  да көп акчалар чачылды. Аларга да буйрусун!

 А бирок дүйнөлүк эпостордун 6-фестивалынын алкагында өткөрүлгөн “Семетей” айтуучулардын иш чарасын уюштуруп, өткөрүүгө,  байгесине жүгүртүп жатып жарым миллионго жетпеген каражат бөлүштү. Аргабыз кеткенде Академиядан 200 миң сом бөлдүк. Андан чоң суммага менин укугум жетпейт. Кыргыздын руханий туу чокусу делген байлыкка жасалган расмий мамиле ушундай болуп жатса, кайдагы маданий мамлекеттик саясатты, мамлекеттик идеологияны айтабыз.

Айтор, Кыргызстанда руханий байлыктарды ырааты менен, өз-өз орду менен баалоо жок.”Манас” кыргыз улуттук гана эмес, бүт адамзаттык гениалдуу  мурас дейбиз. Баалай келгенде эң төмөн тепкичке түшүрүп койгонубуз биздин пастыгыбыз.Качанга чейин гениалдуу байлыктарыбызды туура баалай албай жүрө беребиз.

Маектешкен  Бакай Чилтегин, Булак: “Майдан. kg” гезити