"Бүгүн менин жеке арызымдын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы мени “Улуттар биримдиги” партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечим чыгарганы тууралуу маалымат чыкты. Мунун себебин сиздер менен бөлүшүп, ушул маселе боюнча тактап кетким келет.
Бул мамлекеттик кызматка кирүү боюнча чечим кабыл алып, сунушту кабыл алганыма байланыштуу. Маалым болгондой, мен көп жылдар бою, 25 жылдан ашык мамлекеттик кызматта, тышкы иштер министрлигинин системасында иштедим. Ал эми бүгүн мени президенттик аппараттын бөлүм башчысы кылып дайындоо чечими кабыл алынды. Тажрыйбамды жана билимимди бул кызматта элибиздин кызыкчылыгы үчүн колдоном деп ишенем.
Бул мен үчүн оңой эмес чечим болду. Бирок мен партиялаштарым, «Улуттар биримдиги» партиясынын мүчөлөрү, саясий кеңеш менен алдын ала кеңешип, алардын макулдугун алып, мамлекеттик кызматка өтүүнү чечтим. Албетте, булар менин кесиптештерим, куралдаштарым, алар да менин досум бойдон кала беришет. Ал эми партиянын алдында турган максаттуу милдеттер мамлекеттин таламдары менен дал келе тургандыгына ишенемин жана өзумдун жаңы кызмат ордумда аларды ишке ашырууга өз тажрыйбамды жана кесипкөйлүгүмдү көбүрөөк жумшоого ниеттенем", - деп жазды Аскар Бешимов соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, Аскар Бешимов "Улуттар биримдиги" партиясы менен шайлоого аттанган болчу.