Элибизде “жайкы чилде кандай болсо, кышкы чилде да ошондой болот” деген эзелтен айтылып келаткан сөз бар. Ал эмпирикалык байкоолордон, тажрыйбалардан улам айтылып калса керек. Алдыдагы кышта ал ишеним бузулуп, айтымдагылар аткарылбай калса эң жакшы болмок, баардыгыбыз сүйүнмөкпүз.
Бирок тилекке каршы, табийгат дегенибиз биздин же Өкмөттүн каалоосуна, тилегине көз каранды эмес. Алдыдагы кышкы сезон кыш жеңил болсо деле биз үчүн кыйла оор боло тургандыгы азыртан байкала баштады. Анткени, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кээ бир жылдары максималдуу чегине - 19,5 миллиард куб метрге жетип турса, октябрдын биринчи жарымынын аягына карата 12,23 миллиард кубду араң түздү. Куйган суудан чыккан суунун көлөмү 50 пайызга көп болгондуктан ал да күн санап азаюуда. Кышкы сезондо ГЭСтердеги агрегаттарды иштетүүгө орто эсеп менен 7-8 миллиард куб метр суу керектелерин эске алсак, Токтогулдагы суунун кору январда эле минимиалдуу чегине түшүп кетиши мүмкүн. Ал эми суу болбосо, ГЭСтердин паралары толук айланбайт. Ошондуктан Өкмөт сырттан электр энергияларын сатып алып жатабыз деген менен, жаман айтпай, жакшы жок дегендей, азыртан эле кезектеме (веердик) өчүрүүлөрдү баштады.
Кошуна өлкөлөрдүн бизге электр энергияларын сатканга потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок, кыш чындап эле жайкы чилдедей катуу келсе же 2018-жылдын январындагыдай абалга жетсе, алар ички муктаждыктарына жеткирүү үчүн бизге электр энергияларын сатууну кескин азайтып же биротоло токтотуп коюусу да ыктымал. Анда абалыбыз кандай болот? Айыл жергесиндегилер бир убакта Курманбек Бакиев айткандай, “тезек терип” да болсо, тиричиликтерин өткөрө беришет. Ал эми шаарларда тиричилик гана эмес, иш да токтоп калат.
1990-жылдын аягында, ХХI кылымдын башталышында Тажикстанда электр энергиялары тоталдык таңсыктыкка айланганда тажик Өкмөтү баардык абоненттерди электр энергияларын үнөмдөөчү лампочкаларды гана пайдаланууга милдеттендирип, ашыкча жарыктарды колдонууга тыюу салып, Рогун ГЭСин курууга каражат табуу үчүн облигацияларды, заёмдук баалуу кагаздарды чыгарып, мүмкүнчүлүктөгү каражаттардын баарын ГЭСти курууга жумшаган. Андай аракеттердин аркасы менен Тажикстан электр энергиясынын таңсыктыгынан кутулду, Рогундун көпчүлүк агрегаттарын ишке киргизди. Эгерде Рогундун баардык агрегаттары ишке киргизилсе, жыл сайын 15-17 миллиард квт. саат же Кыргызстандагы баардык ГЭСтерди, ТЭЦтерди кошкондон да 2-3 миллиардга көп электр энергияларын өндүрө баштайт. Ал эми биз, он бир жылдын ичинде Бакиев баштап берип кеткен Камбар-Ата-2 ГЭСин да куруп бүткөрө албай, шайлоолордогу какылдак-шакылдактардан, тоз-тополоңдордон башыбыз чыкпай, бийликтегилер элди гана кыйнашууда.
Аты өчкүр Атамбаев деген авантюрист 1 миллиард долларга реалдуу пайдасы белгисиз Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолду курдургандан көрө ал акчага 2-3 ГЭСти куруп, бүткөртүп салса, эл ага ырахмат гана айтат эле.”РусГидро” тарабынан Жогорку Нарын каскадындагы чакан 4 ГЭС 450 миллион долларга бааланган болчу. Кытайдан алынган 700 миллион долларлык кредит альтернативдүү жолго эмес, мына ошол чакан ГЭСтерди курууга жумшалса, энергетикалык маселе алда качан чечилмек. Альтернативдүү жолго жумшалган акчанын бир бөлүгүн “устукандап” кетишкендиктен, мурда сметада каралгандар жетишпей ага дагы 100 миллион долларлык кредит алганы жатышыптыр. Ал да элдин мойнуна илинет, сырткы карыздар дагы көбөйөт. Сметалык келишимде көрсөтүлгөндөн чыгашалардын ашып кеткени үчүн ким жооп берет? АШАбы? Анын кылгандары ансыз деле аны өмүр бою эркинен ажыратканга жетишет.
Күндөн күнгө электр энергиясынын таңсыкты артып бараткан чакта, биздин өкмөтүбүз бир убакта тажик Өкмөтү колдонгондой, энергияларды үнөмдөө боюнча чараларды да киргизбей жатат. 3 фазалуу линиялары барлардын щиттерине гана пломбалар басылууда. Чындыгында энергияларды үнөмдөөнүн жолдору көп. Биринчиден, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги көп кубатты талап кылган жарык бергичтердин бардыгын электр энергияларын аз талап кылгандарга милдеттүү түрдө алмаштыруу, күндүз жарык жакканга тыюу салуу керек. Азыр кандай мекемеге кирбеңиз чак түштө деле керексиз лампочкалар күйүп турат. Электр энергияларын үнөмдүү пайдаланууда биринчи кезекте мамлекеттик, муниципалдык мекемелер өздөрү үлгү көрсөтүүлөрү зарыл. Кышында жарыксыз калгандан көрө азыртан катаал чараларды, эрежелерди киргизүү зарыл.
Ошентип жаңы бийлик, жаңы Өкмөт үчүн алдыдагы кышкы сезон оор сыноо болгону турат. Азыртан толук даярдыктар көрүлбөсө, үнөмгө негизги басым жасалбаса, кабинет жазга жетпей таркап кетиши да мүмкүн.
Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити