Печать
Категория: Коом
Просмотров: 121

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, бизнестин, бизнес-омбудсмен институтунун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, аталган форум – Баткен облусунда жогорку деңгээлде өтүп жаткан алгачкы иш-чара болуп саналат, анын максаты облустун ишкерлик потенциалын ачуу, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү аймак аркылуу инвестиция тартуу, өз кезегинде бул жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

Форумдун ишинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен «Ихсан Азия Глобал Строй Ипотекалык Компаниясы» ачык акционердик коомунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен «МЕГА ДЖЕК» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы 4 багыт боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум:

1) «Лейлек районунун Арка айылында парк зонасынын курулушу» долбоору;

2) «Лейлек районунун Арка айылында логистикалык борбордун курулушу» долбоору;

3) «Баткен шаарындагы мейманкананын курулушу» долбоору;

4) Кызыл-Кыя шаарындагы парк зонасын реконструкциялоо долбоору;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен «Ак-Буура Групп» жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 

– Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги менен «Шампанвинкомбинат» жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору мамлекеттик мекемеси, Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана «Т. Ибрагимов» жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун даярдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;

 

Булак: “Майдан. kg” гезити