Ош аймагынын койгон айрым талапкерлер административдик ресурс колдонуп башташты. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов парламент жыйынында билдирди.
"Шайлоонун шайтан оюндары башталды. Ош аймагынан койгон айрым талапкерлер облус башчыларынын орун басарлары, прокурорлор административдик ресурс колдонушууда. Алар президенттик саясатына каршы иштеп жатышат. Садыр Жапаров дүйнө таң кала тургандай таза шайлоо өткөрүүгө ниет кылган, бирок айрымдар, баягы эле бай-манаптар, 10 жылдан бери парламентте отуруп "жыттанып" кеткендер эски оорусун карматышты", - деди депутат.