Печать
Категория: Коом
Просмотров: 117

Эгер эсиңиздерде болсо, мындан бир жыл мурда "Империя пиццы" кафесинин кардарларынын бири кыргызча ырдаганда, администрациясы тыюу салып, коомчулук ага нааразы болуп, аз жерден ызы-чуу чыгып кете жаздаган. Эми ошол жосунсуз көрүнүштөн туура бир жыл өтүп, аталган кафеде дагы бир жагымсыз окуя кайталанууда.

Алгач 23-24-октябрь күндөрү Бишкектеги Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап 12 киши кайрылган. 25-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 85ке жетти. 25-октябрда уулангандардын саны 180ден ашкандыгы маалымдалды. Бактыга жараша эч ким оор абалга кабылган же өмүрү менен кош айтышкан эмес. Биринчи күнү медициналык жардам алып үйүнө кеткендер кайра ооруканага келип жатышканын дарыгерлер билдирди. Учурда тамактан ууланган ондон ашык киши ооруканада жатат.

Кайрылгандар “Империя пиццынын” кафелеринен үйлөрүнө жеткирип берүү буйрутмасы менен суши-ролл жешкенин айтышкан. Массалык ууланууга байланыштуу "Империя пиццы" кафесинин Бишкектеги бардык филиалы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев " билдирди. Анын айтымында, ууланууга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында кафе текшерилип жатат.

"Учурда "Империя пиццы" кафелеринин бардыгы ишин токтотту. Биз 35 тамак-аштын үлгүсүн алып лабораториялык жол менен изилдөө жүргүзүп жатабыз. Бүгүн кафенин жумушчулары анализ тапшырып жатат. Кафе изилдөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин убактылуу жабылды", - деди Мурзашев.

Санитардык эпидемиологиялык кызмат мындан тышкары Бишкектеги баардык коомдук тамактануу жайларын толук текшере тургандыгын да билдирди.

Коомдук тамактануу жайларында уулануу учурлары буга чейин да катталган. Быйыл март айында Аксыда алты адам арактан ууланып каза тапкан. Октябрдын ортосунда Сузакта 130дай адам тойдо ууланып, ооруканага кайрылган болчу.