Печать
Категория: Коом
Просмотров: 102

Айрым милиция кызматкерлери карапайым адамдардын укугун коргоонун ордуна опузалап, коркутуп-үркүтүп, акча талап кылган көрүнүштөр биздин заманда таң каларлык деле көрүнүш болбой калбадыбы. Бирок бүтүндөй бир райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги өзү, болгондо да көп балалуу аялга ушундай мамиле жасайт деп эч ким ойлобосо керек.

Ушул жумада ушундай жоругу үчүн Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев эки айга камалды. Сот анын бөгөт чарасын 23-октябрда карап, ушундай чечим чыгарды.

Ал кыйноо колдонгон, өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналып жатканын Башкы прокуратура билдирди.

Аалиев менен кошо аталган бөлүмдүн Тергөө кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы да  колго түшкөн.

Булар иликтеп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жергиликтүү келинден көп суммада пара талап кылганы, көп балалуу энени милиция бөлүмүнө чакырып, басым жасаганы айтылууда.

Уланбек Аалиев Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп 2021-жылдын февралында дайындалган экен. Буга чейин ал Нарын облустук милициясын жетектеп келиптир.

Балким, мындай көрүнүштөр милиция кызматкерлеринин арасында көп эле катталып жаткандыр. Бир чети ички иштер министрлиги менен УКМК, Башкы прокуратура погончон, кызматын ак, так аткаруу үчүн ант берген милиционерлердин тескери иштерин жашырып койбой, ачыкка чыгарып, мыйзам алдында жоопко тартып жатышы колдоого аларлык көрүнүш жана башкаларга да сабак болмокчу.