Бишкектеги "Империя пицца" түйүндөрүнөн заказ кылынган сушилерден уулангандардын саны 118ге жеткени белгилүү болду.
Маалыматка караганда:
- Темир жол ооруканасына 98 адам кайрылган;
- Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына - 13;
- Чүй облустук бириккен ооруканасына - 2;
- Жайыл районунун жалпы дарыгерлик практика борборуна – 5.
Алардын ичинен стационардык дарылануу: темир жол ооруканасында - 10 адам, шаардык балдар ооруканасында - 13 бала. Алардын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Учурда "Империя пиццанын" бардык филиалдары жабылды.