Печать
Категория: Коом
Просмотров: 75

Иш-чаранын катышуучуларына Исхак Раззаковдун жашоосу жана ХХ кылымдын ортосунда кыргыз эли басып өткөн негизги тарыхый учурлар жөнүндө  театрлаштырылган  спектакль көрсөтүлдү. 

Кыргыз Республикасынын Президенти сөз сүйлөп, анда Исхак Раззаков ал жетектеген мезгилде Кыргыз ССРинин индустриясын, айыл чарбасын, илим жана билимин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошконун белгиледи. 

Президент Исхак Раззаковдун калыс жана адилет болгонуна көңүл буруп, анын   «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот» деген асыл кеби азыркы замандаштарыбыздын  урааны болушу керектигин белгиледи.

Салтанат чыгармачыл ансамблдердин сахнага чыгуусу менен уланды.