Драматург Бурул Калчабаева Айгүл Жапарованын Алтын балалык борборуна 500 миң сом бергени боюнча мындай деп жазды:
“Баарына тең ата болуп алдык. Ырас, шайландыбы... демек кичине болсо да сый болуш керек. Ушу акчага эле эмне асылып алдыңар? Берсин. Мындан көп берсе да жарашат. По статусу положено. Илгертен келе жаткан салт бар. Ар бир биринчи айым фонду болгон. Айгүл Жапарова да түзсүн. Биз сурасак бербеген адамдар, биринчи айым ишкерлерди чогултуп, көтөрүлүп жаткан маселени алдыга койсо, жан деп берет.
Президенттин жубайынын аралашканын өөн көрбөйлү. Маданиятка, социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө, аялдарды, балдарды коргоодо биринчи катарда турсун.
Андай болчу, мындай болчу дегенди токтотолу да, туугандар! Кечээ андай болсо, бүгүн андай эмес! Кел-кели келип турат.
Эмне десеңер ошо дегиле, Айгүл Жапарованын бул ишин колдойм. Жакшы иштерге аралашсын. Үлгү болсун. Бул, тагдыр буюрган мүмкүнчүлүк. Ошо!”.