Кыргыз Республикасынын УКМК бир катар маалымат каражаттарына “Ж.к.А.” аттуу КР жаранынын Улуттук Коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу кайрылуусу жарыялангандыгына байланыштуу, төмөнкүлөрдү билдирет:

  1. Быйылкы жылдын 15-октябрда “Ж.к.А.” аттуу жарандын Талас шаарындагы жашаган дареги боюнча ыкчам-тергөө аракеттери сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жана соттун чечиминин негизинде видеого тартуу менен жүргүзүлгөн.
  2. ИИМ Атайын ыкчам тобуну иликтөө иш-чараларынын коопсуздугун камсыздоо максатында жана издөөдө жүргөн жана бир нече жолу соттолгон КР жараны “Р.С.” “Ж.к.А.” менен чогуу жашайт деген шек бар үчүн, ал ошондой эле курал-жарактарды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана эл аралык террористтик уюмдарга (ЭТУ) көмөк көрсөтүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталуучу болгондуктан катышкан.
  3. “Ж.к.А.” 2014-2016-жылдар аралыгында Сириядагы “ИМ” деп аталган ЭТУ мүчөсү болгон. Талас шаардык соттун чечими менен 3 жылга эркинен ажыратылып, Юстиция министрлигинин алдындагы пробацияда жүргөн.  
  4. “Ж.к.А.” эжеси “Ж.к.Б.” жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларына эч кандай тиешеси жок. Бирок, анын күйөөсү “Х.Н.”- чет мамлекеттин жараны, Сирияда террористтик уюмдардын катарында жүргөн, 2019-жылы КР УКМК тарабынан кармалып, 8 жылга эркинен ажыратылган. 
  5. КР УКМК органдарындагы материалдар “Ж.к.А.” Сириядан кайтып келгенден кийин оң жолго түшпөгөнүн, экстремизм жана терроризм менен чектешкен деструктивдүү иш-аракеттерди улантып жаткандыгын күбөлөндүрөт.
  6. “Ж.к.А.” КР УКМК органдарын каралоо аракети боюнча тиешелүү юридикалык баа берилет.