Печать
Категория: Коом
Просмотров: 73

АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлерин Терроризмге каршы күрөштү колдоо (АТА) “Чет элдик согушкерлер: оперативдик жана тергөөчү аракеттер” курсун аяктоосу менен куттуктады. Америкалык жана Кыргызстандын укук коргоо жана коопсуздук түзүмдөрүнүн кызматкерлери кызматташтыкты күчөтүп аймактагы чет элдик террорчуларды (FTF) аныктоо, иликтөө жана көзөмөлдөө боюнча билимдерин өркүндөтүштү. Убактылуу ишенимдүү өкүл Коултер Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын узак жылдар бою терроризм коркунучуна каршы биргелешип күрөшүп келгенин белгилеп, келечекте бул кызматташтыкты тереңдетүүнү чыдамсыздык менен күтүп келээрин билдирди.

“Чет элдик согушкерлер: оперативдик жана тергөөчү аракеттер” курсу терроризмге каршы күрөш боюнча долбоорунун Кыргызстанда 2018-жылдан кийин биринчи жолу өткөрүлгөн курсу. 2022 -жылдын апрелине чейин өлкөдө алты кошумча курс пландаштырылган.

Терроризмге каршы күрөштү колдоо (АТА) долбоору жөнүндө

АТА долбоору Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө активдүү жана жылдык регионалдык жардам 1,333,000 долларга бааланат. 1983-жылы негизделген, Мамлекеттик департаменттин Терроризмге каршы күрөштү колдоо программасы (АТА) - АКШ өкмөтүнүн антитерроризмге каршы тренинг жана чет элдик укук коргоо органдары үчүн жабдуулар менен камсыздоочу программасы. АТАнын бардык жардамдары укук ченемдеринин алкагында жеткирилет, бул адам укуктарын урматтоого көмөктөшөт жана камтылган насаатчылар жана тренер-тренинг программалары сыяктуу мыкты тажрыйбалар аркылуу өзүн-өзү камсыздоо жөндөмүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

АТА Терроризмге каршы бюродон каржылоону жана саясий жетекчиликти алат жана Дипломатиялык Коопсуздук Кызматы (DSS) тарабынан башкарылат.

АТА аркылуу DSS кызматкерлери укук коргоочу өнөктөштөрдүн терроризмге каршы күрөшүү жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүп, террористтик ишмердүүлүктү аныктоо, токтотуу жана үзгүлтүккө учуратуу үчүн билимин жогорулатуучу тренингдерди жана тактикалык көндүмдөрдү өнүктүрүшөт. Заманбап окуу планы жана жабдуулар гранты менен, АТА программасы биздин улуттук коопсуздукка, дүйнө жүзү боюнча өнөктөштөрүбүзгө жана жалпы эл аралык тынчтык менен стабилдүүлүккө чоң салым кошууну улантууда.