Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

1. Электрди аз керектеген лампочкалар

Эксперттер белгилешкендей, электр энергияны аз короткон лампочкалар жылына 170 кВт үнөмдөйт. Мындай лампочкалар кадимки лампочкаларга караганда бир топ кымбат турат. Бирок кымбаттагына жараша кадимки лампочкаларга караганда 6, ал турмак 8 эсе көпкө жарайт. А электр энергиясын 3 эсе аз талап кылат.

2. Күндүзгү жарыктандыруудан баш тартуу

Статистика боюнча, электрэнергиянын 30 пайызга чамалашы бош бөлмөлөрдү жарыктандырууга коротулат. Ошондуктан, бөлмөлөрдү күндүз жарыктандыруудан баш тартып, лампаларды күйгөн бойдон калтырбаш керек. Люстранын ордуна стол үстүнө коюлчу лампаларды колдонуу сунушталат.

Лампалар жарык люстрага караганда энергияны аз коротот, ал турмак бир бөлмөгө бир нече лампа коюлган учурда дагы. Лампаларды үйдүн жарык өтө керек болгон бөлмөлөрүнө орнотуп коюңуз, ыңгайлуу да, арзан да болот. Же люстрага бир топ аз кубаттуу лампаларды тагыңыз.

3. Жабдыктарды натыйжалуу колдонуу

Тиричилик жабдыктары биздин заманда абдан көп, алар электр энергиясын өтө көп коротушат, бирок кээ бири тиричиликке анчалык деле кереги жок.

Ойлоп көрүңүз, үйүңүздөгү тиричилик жабдыктарынын кайсынысы сизге анчалык деле керектүү эмес? Мисалы, эгерде сизде газ плитасы болсо, мультиварканы пайдалануунун кажети барбы?

 4. Жаңы  жабдыктарын пайдалануу

Эски муздаткычтар, телевизорлор, кир жуучу машинелер, чаң соргучтар, үтүктөр жаңы үлгүдөгү буюмдарга караганда электр энергиясын көп сарпайт. Дүкөндөн техника сатып алганы жатканда, сатуучудан жабдык энергонатыйжалуулугу жагынан кайсы класска таандык экенин сураңыз.

Техниканы, анын катарында микроволновканы, телевизорлорду, компьютерди, сканерди, принтерди, модемдерди күтүү режиминде калтырбаңыз. Бул жылына 200 кВттан ашуун токту үнөмдөөгө жол ачат. Таймери бар электр розеткаларын колдонуңуз.

 5. Жылуулоо

 Батирлерди жана үйлөрдү жылуулоо чараларын көрүңүз, терезелердеги, каалгалардагы, шыптагы жана полдогу жыртык-тешиктерди жамаңыз.

 Адаттагы жылытуу жабдыгынын ордуна жылытуу режимине коюлган кондиционерди иштетиңиз.

Инфракызыл жылытуучу жабдык башкаларга караганда 30-80 пайызга үнөмдүү келет. Суу жылытуучу жабдыкты колдонсоңуз, суунун жылытуу температурасын азайтыңыз. Сууну өтө зарыл болгон учурда гана жылытыңыз. Айына үч жолу суу жылытуучу жабдыкты тазалаңыз, жабдыктын кырындыга толуп калышы электр энергиясын коротууну 15-20 пайызга көбөйтөт.