Акыркы 10 жылда өлкөбүздө мечиттер аябай көп курулду. Аттиң... Мечиттердин ордуларына мектептер курулганда алардын таңсыктыгы бүгүнкүдөй болмок эмес беле...

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 670 мектеп жетишпейт. Бүгүнкү күндө 2 миң 296 жалпы билим берүүчү мектеп болсо, алардын 152си менчик мектептер. 245 мектеп авариялык абалга кептелген. Ал мектептерде билим алуу окуучулардын өмүрлөрүнө жана ден-соолуктарына коркунуч жаратып келет. Ал эми 457 мектеп тезинен капиталдык ремонттон өткөрүүгө муктаж.

Мектептердин таңсыктыгынан улам алардагы окуучулардын саны белгиленген сандан ашыкча. 151 мектепте билим алуу үч нөөмөттө жүргүзүлүп келүүдө. Бишкектеги мектептер 75 миң окуучуга ылайыкталган болсо, учурда 170 миң бала билим алышууда.

Мектептердеги санитария, таза суу маселеси да толук чечилген эмес. Алсак, жалпы билим берүүчү мекемелердин 74 %ында ички дааратканалары жок болсо, 68 %ы ысык сууга кошулбаган, 25 %ына таза сууу жеткирилген эмес.

Албетте, мектептердин жетишсиздиги өкмөткө белгилүү көйгөй. Маселенин баары каржы маселесине келип такалары айтпаса да түшүнүктүү. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров аз күн мурда мугалимдердин айлыктары сезилерлик көбөйтүлөрүн билдирди. Анысы жакшы. Эгерде А. Жапаров убада кылгандай,  бюджеттин көлөмү 400 млрд. сомго жете турган болсо, биринчи кезекте мектептерди курууну колго алуу керек. Мектептер жетишпеген, окуучулардан саны ашыкча болгон  жерде билим берүүнүн сапаты тууралуу сөз кылуу кыйын.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити