Кыздарды ала качып, күчтөп никеге тургузуу аракеттери кылмыш катары саналып, ага баргандарга мыйзам чегинде чаралар көрүлө турганына карабай, кыз ала качуу көрүнүштөрүнө коомдо дале кайдыгерлик мамиле уланып келүүдө.
Дегенибиз, ушул жылдын башынан бери 187 кыз ала качуу фактысы катталса, анын 8 учуру боюнча гана кылмыш иши козголуп, иш сотко жеткен. Мындай маалыматты ИИМдин Тергөө кызматы билдирди.
Сотко өткөрүлгөн 8 иш боюнча 14 адам айыпталып атса, 117 факты боюнча иш токтотулган. Мындан сырткары, ушул жыл ичинде күчтөп, мажбурлап никеге тургузуу боюнча 19 факт катталган.
Бүгүнкү ачык коомдо, адам укуктары баарынан жогору коюлган учурда кыз ала качуу көрүнүштөрүнүн уланып, аларга көпчүлүк көз жумду, көңүл коштук мамиле жасап, андай фактыларды ачыкка чыгарбай, жең ичинен бүткөрүп коюшуп жаткандыктары албетте, өкүнүчтүү. Ким эмне дебесин, ким эмне деп кыз ала качууну коргоп, жактабасын, бул нерсе эскиден калган саркындылык, жапайычылык көрүнүштөрдөн экендигин танууга болбойт.
Канткенде, кантип кыз ала качуу дегенди биротоло жат, жапайы көрүнүш катары карап, ага бөгөт коё алабыз? Ага элибиз, коомубуз даярбы? Же жашообуздан биротоло чийип салууга мүмкүн болбогон нерсе катары улана береби?
Булак: “Майдан. kg” гезити