Экономист Сейдалы Мырзакматов акчалуулар шайлоо десе жеп жаткан ашын унутат деп эсептейт. Мындай пикирин "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 


- Кыргызстанда  мансапты жакшы көргөндөр көп болгону үчүн депутаттык мандатка ээ болгусу келгендер көппү? 

- Кыргызстанда  шайлоо десе букага кызылды көрсөткөндөй абалды элестеткен адамдардын  тобу бар. Алар эч убакта Кыргызстандын  реалиясын карашпайт. Кандай деңгээлдеги  шайлоо болсо да катыша беришет. Алар  бардар адамдар, көр тирилик менен иши жоктор.

Мисалы, азыркы Жогорку Кеңешке  боло турган шайлоону жетишкендик катары көрүшүп, партиядан тышкары, бир бюллетенде эки жолу добуш бересиңер деп жаңы норма чыгарышты. Эл партияны эмес, өздөрү жактырган адамы бар партияны тандашат.

Бул норма жаңылык, жетишкендик эмес, элдин башын айландырган норма. Жалпысынан алганда шайлоо таза эле өтсө керек. Бирок, постсоветтик жылдары көнүп калган адат, инерция дароо  эле калбайт го деп ойлоп турам. Шайлоочулар да, кандидаттар да сөзсүз түрдө, кандайдыр бир формада мыйзамсыз кадамдарга барышат.