"Мен сыйлык-наам дегенден алыс адам окшоймун", - дейт профессор Каныбек Осмоналиев "Саясат. kg" маалымат порталына берген маегинде. 

- Каныбек агай, сиздин сыйлык, наамдарыңыз укмуш болсо керек ээ? Анткени, азыр сыйлык албаган киши калган жок го?
- Оо кайдан! Расмий бийликтен акыркы жолу 1999-жылы "Эл агартуунун отличниги" деген наамды алгамын. Аны дагы "Дастан" университетинин 5-жылдык юбилейине арнап, бир нече окутуучуларым менен кошо беришкен. Өзү мен деги эле сыйлык - наам дегенден алыс жаралган адам окшоймун. Эч убакта анын артынан түшкөн киши эмесмин. Бир - эки мисал келтирейин. 2007-жылы Билим берүү министри кезимде Кыргызстан мугалимдеринин II съездин уюштурдум. Ал иш-чаранын алдын алып бир топ инсандарга сыйлык-наам берүү боюнча сунуш киргиздим. Сиз өзүңүз деле 40 жылдан ашык эмгек сиңирипсиз. "Эмгек сиңирген мугалим" наамына жазып коёлу дешкендеринен сылык-сыпаа гана баш тартып койгомун. Эң алгач мугалимдерим алсын деп. Экинчиси, мен депутат болгондо дагы сыйлыктан баш тартып, мугалимдерге бердиргем. Ошол 5-чакырылыштагы 120 депутаттын ичинен бир гана мен сыйлык албапмын. Демек, жаман адам окшоймун.  Азыр сыйлык-наамдардын кадыры кетип, акыркы жылдары аны "алган" адамдар шылдыңга айлана башташты. Ушул жагы өкүнүчтүү. Өзүнчө эле "бизнеске" айлантып алышыптыр! Менимче тез арада бул кылмыш ишин токтотуп, сыйлык-наамдарды ыйгаруу эрежесин кайрадан иштеп чыгуу керек!