УКМК коррупция менен күрөшүүнү улантууда. УКМКнын кезектеги тузагына Президенттин алдындагы ырайым берүү боюнча Комиссиянын жооптуу катчысы Таалайбек Апенов илинди. Ал С.Н. аттуу жарандан ишин оң жакка чечип берүү үчүн 170 миң сом акчаны алып аткан жеринен кармалды.
Бул Т.Апеновдун кезектеги коррупциялык аракети үчүн колго түшүрүлгөн бир факты. Суроо туулат, ал буга чейин канча жаза өтөөчүнүн жакындарынан ушинтип акча алып, ырайым берүүчүлөрдүн тизмесине канча абакта отургандарды коштурду экен? Алардын арасында ырайым алууга татыксыз, коомго коркунуч келтирүүчү канча жарандар болду экен? Т. Апеновдун колу менен канчалаган ырайым алуучулар тизмеге киргизилбей, алардын ордуларына акчасын бергендер кирип кетти болду экен? Мыйзам ченемдүү суроолор...
Айтайын дегенибиз, Т. Апеновдун кармалуусу буга чейинки ырайым алгандарга бир сыйра көз жүгүртүлүп, мындагы коррупциялык жагдайлар толугу менен ачыкка чыгарылып, аталган Комиссиянын ишине баа берилүүгө тийиш.
Булак: “Майдан. kg” гезити