Буга чейин Кыргызстанда ондогон чакан ГЭСтеди курууга толук потенциал бар экенин, аны менен электр энергиянын таңсыктыгын жоюуга болору айтылып, жазылып эле келатат. Бирок чакан ГЭСтерди куруу маселеси колго алынбай келет.
Кечирээк болсо да чакан ГЭСтердин курулушу башталыптыр. Бул тууралуу энергетика жана өнөр-жай министрлигинен билдиришти. Атап айтканда, учурда Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облусунда чакан ГЭСтердин курулуш иштери активдүү фазада жүрүп атканы белгилүү болду.
Аталган ГЭСтердин курулушу белгиленген мөөнөтүндө бүтөбү, же Камбар-Ата ж.б. ГЭСтер сыяктуу узакка созулган курулуштарга айланып кетеби, аны убакыт көрсөтөр. Бирок биздеги гридроресурстук ресурстарды толук пайдалануу мезгилдин талабы болуп турат. Эксперттердин айтымдарында, чакан дарыяларды гидросесурстук максатта пайдалануунун үлүшү 2 %га да жетпейт. 100дөн ашык чакан ГЭСтерди курса болот экен. Демек, ондогон чакан ГЭСтер курулуп, алардан электр энергиялар өндүрүлө баштаса, аны менен энергетика системасындагы көйгөйлөр чечилип, ар кыштын алдындагы “электр жарыгы болобу, өчүрүлбөйбү, кышта жарыксыз калбайбызбы...” деген сыяктуу кооптонуулар, түкшүмөлдөргө чекит коюлат эле.
Булак: “Майдан. kg” гезити