Печать
Категория: Коом
Просмотров: 170

“Кыргызстанды алдыдагы кышта масштабдуу кризистер  күтүп турат. Андан чыгуу өлкө үчүн кыйынга турат. Жашоо кымбаттап атат, тамак-аш азыктарына баалар жогорулады, энергетикалык ресурстар жаатында да көйгөйлөр бар, инфляция өсүп атат”. Бул Кытайда чыгуучу басылманын Nihon Keizai  деген баяндамачысынын Кыргызстандагы абал тууралуу жазганы.

Аталган басылма ошондой эле Кыргызстандын канадалык Центерра менен да талаш-тартышы болуп жатканын, приздент С.Жапаров мамлекеттини аткаруу бийлигине чындап кызыкпай жатканын, министрлер Кабинети өзүнө гана  иштөөсүн каалап жатканын, ошол эле мезгилде өзүнүн  ыйгарым укуктарын күчөтүп алганын кошумчалаган.

Албетте, кошуна өлкөлөрдөгү басылмалар биздеги абалга анализ берүүдө эң ириде өз кызыкчылыктарынын капшабынан карай тургандыгы талашсыз. Ошентсе да алдыдагы кыштын оор сыноо болот дегени биздин Министрлер кабинети, айрыкча энергетика тармагынын жетекчилери үчүн чоң коңгуроо, эскертүү болушу абзел. Калп айткан менен болобу, быйылкы кыштын оор болору айтылып, жазылууда. Тиешелүү жетекчилер бул жагдайга өзгөчө маани беришип, кыштан аман-эсен чыгуунун камын камын жакшылап көрүшпөсө болбойт.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити