Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1149

Таң калам, күнүнө миңдеген киши кирип чыккан өкмөттүн алдынан ошол инсандын мага жолукканына таң калам.
Мага кайрылганына таң калам. Кызык... Түш ооп калган, Өкмөттөн чыгып эле, шашып унаам тарапка жөнөп калдым. 
“Карындашым!” Бир байке аркамдан чуркап  келе жатыптыр, колунда баштыгы бар. Токтосомбу же кете берсемби? 
Чын эле шашып тургам. Мен оюмду жыйнагыча эле, баягы байке келип калды.

“Карындашым ушу жерде иштейсизби?”
“Жо-ок, иштерим менен келгем”.
“Мен да Президентке келгем, кире албай жатам”,- дейт.

Күлкүм келди бир чети, кирем деп келсе эле кирип кетчүдөй Президент досу беле же агасы беле? Керек болсо досу деле бейчеки кире албайт да...

“Апей Президентке кирүү оюнчук эмес да.” 
“Жоо, Садыр байке менен абакта чогуу отурганбыз, жөнөкөй эле киши болчу, бизге акыл -кеңешин айтып, чогуу тамактанып, чогуу футбол кубок уюштуруп эле жүргөн байкем эле, кирип учурашып, анан Нарынга кеткенге жол кире сурайын дегем. Киргизбей жатышат, үч сааттан бери турам, кетип калайын десем жол кирем жок, абактан  бүгүн эртең менен чыктым.... үйдөгүлөргө деле айткан эмесмин, телефонум да жок... ” 

.....эстедим, Президент абакта отурганда чөп баскан участокту оңдоп түзөп газон салып, футбол талаасына айлантып, кубок уюштуруп, ал жактагыларды спортко үндөгөн деген айыңды.... укканым бар эле... Текшерип алуу үчүн тиги байкеден сурап калдым... 

“Кызык го, түрмөдө футбольное поле барбы?”
“Ооба бар, Садыр байке болуп өзүбүз тазалап, түздөп жасап алган болчубуз”.
“Мм... Нарынга жол кире канча экен?”

Баланча деп суммасын айтты... 

Аталган сумманы капчыгымдан алып чыгып бердим да: "Байке, Президентке кирем деп убара болбой кете бериңиз, ал жакка кирүү оңой эмес, Президент менен башка бир буйруган  күндө жолугаарсыз, жолуңуз шыдыр болсун, жакшы жетип алыңыз... ” - деп шарт бурулуп баса бердим... 

“....рахмат... “  деген бойдон кала берди тиги байке... демек чын экен да... Ой басып бара жаттым... 

Бийик адамды керек болсо абак да сындыра албайт, азап да сындыра албайт деген ушу да...  Көрсөң, ал жактын жаман жагын албай, ал жактагыларды жакшы жолго салганын. Бу кишинин деле жакынсынтып, жакын адамына келгендей, шар эле: “Барсам эле кирип кетем, Садыр байкеме” деп келгенинин өзү эле айтып турбайбы, канчалык деңгээлде мээримдүү Садыр байкеси болуп бергендигин... 

Чын.... 

Жакшы адам кай жерде болбосун, баскан турган жерине гүл өсөт. 

Эми ошондогу бу кишинин Садыр байкеси, бир эле абакты эмес, бүтүндөй мамлекеттин каралбай калган булуң - бурчтарын оңдотуп түзөтүп жатпайбы... Эми ошо бул кишинин Садыр байкеси ашып -ташкан мээримин бүтүндөй элге төгүп жатпайбы... Же калп айтамбы? Сыймыктанам... Алга, биздин Президентибиз Садыр Жапаров...

Эл сиз менен. 

PS: окуя август айында болгон.

Бактыгүл Иманбек кызы