УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дары менен камсыздоо тармагындагы кырдаалды талкуулоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери жана фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ишкерлер менен конструктивдүү диалог болуп, дары менен камсыздоо тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Камчыбек Ташиев медицина препараттарынын бааларына, фармацевтикалык бизнестин көйгөйлөрүнө, контрабанда жолу менен келген медикаменттерге, бюрократиялык тоскоолдуктарга өзгөчө көңүл бурду. Анын жыйынтыгында, дары-дармектин баасын кайра карап чыгуу, калк үчүн өтө маанилүү деп саналган медикаменттерге бааны төмөндөтүү чечими кабыл алынды.