ЖК депутаты Аида Касымалиева 7-чакырылышка талапкер болбой турганын айтты. Ал мындай чечими тууралуу соцтармактагы баракчасына 17-октябрда жазды. 

"Эртең парламенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлер жана партиялар документин тапшыруучу акыркы күн. Мен алдын ала чечимим тууралуу баарын кабардар кылып коеюн дедим. Бул жолку парламенттик шайлоого катышпоону чечтим, бирок дайыма иштөөгө жана сүйүктүү өлкөбүзгө, элибизге жардам берүүгө даярмын", - деди ал. 

 Эске салсак, Аида Касымалиев КСДП партиясынан шайланган.