Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-даромек жана медициналык буюмдар департаменти каттоодогу дары-дармектердин дүң жана чекене баасынын тизмесин бекитти. Бул тууралуу аталган мекемеден билдииришти.
Маалыматка караганда, тийиштүү буйрукту департаменттин жетекчилиги чыгарган жана кол коюлган. Тизмеде 42 дары-дармек бар.
Эске салсак, буга чейин УКМК фармацевтикалык мафияны орноткон бирп катар компанияларды ачыктаганын билдирген. Ал эми УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев дары-дармектерге болгон баа мафиянын бетинин ачылышынан улам октябрдан тартып арзандай турганын айткан.
"Бул каржылык кылмыш. Дары-дармек менен камсыз кылуу Мамлекеттик департаменти өз милдетин аткарбай, элдин канын ичип жатат. Дары-дармектерге бааны көзөмөлгө алуунун ордуна, алар атайын кымбаттатып жатышат. Алар уюшулган мафияны түзүшкөн", - деген Камчыбек Ташиев.
