Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

Бишкек шаары, 2021-жылдын 15-октябры - USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте 2021-жылдын жаз айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган Баткен районунун тургундарына психологиялык жардам көрсөтүү программасын ишке ашыра баштады.

“Жигердүү жарандар” долбоорунун аталган программасы 2021-жылдын сентябрь айынан 2022-жылдын январына чейин “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:

“Бул демилгенин дагы бир маанилүү бөлүгү -- психологдордон жана психиатрлардан турган Саламаттык сактоо министрлигинин атайын командаларынын Арка, Карабак, Көк-Таш, Кызыл-Бел, Кулунду, Максат жана Раззаков айылдарынын тургундарына түздөн-түз психологиялык жардам көрсөтүүсү,” - деди Лилия Пантелеева, дарыгер-психиатр жана  “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмесинин башчысы.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 28-30-апрелинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу чыр-чатак орун алып, анын натыйжасында расмий маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын 180 ашуун жаран жаракат алган, 36 адам каза тапкан. Расмий маалымат боюнча, 60 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркаган жарандардын ар бир бешинчисинде травмадан кийинки стресстин кандайдыр бир деңгээли байкалууда.

“Жигердүү жарандар" долбоору USAID тарабынан каржыланып, FHI 360 эл аралык уюму тарабынан ишке ашырылууда. Долбоор Кыргызстандын жарандык коом уюмдарынын жана алардын тармактык түйүндөрүнүн өлкөдөгү жарандык катышуусун күчөтүү боюнча аракеттерин колдойт.