Кыргызстанда профилактикалык эмдөөлөр Улуттук эмдөө календарга ылайык жүргүзүлөт. Эмдөө 13 инфекцияга каршы жүргүзүлөт. Бул тууралуу №4 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Гульнара Ажымалиева айтып берди.
 
Анын айтымында, эмдөөлөрдүн жана вакциналардын ийгиликтүү өнүгүшүнүн аркасында илим адамзат тарыхындагы эң жаман ооруларды жеңди.

Алардын арасында:

- Чечек
- Полиомиелит (шал оорусу)
- Дифтерия (кептөөр)
- Кызылча
  
Ошондой эле Гульнара Ажымалиева, Кыргызстанда колдонулуучу вакциналар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талаптарына жана сунуштарына жана GMP (тийиштүү өндүрүш тажрыйбасы) эл аралык стандарттарына жооп берет, ошондой эле ДССУнун алдын ала квалификациялоо процедурасынан өткөндүгүн белгиледи.
  
 Өз сөзүнүн аягында, вакцина менен алдын ала турган оорулар дагы деле абдан коркунучтуу жана эмдөө-алардын алдын алуунун эң жакшы жолу экендигин баса белгиледи.