«COVID-19га каршы эмдөө медициналык каршы көрсөтмөсү жок жарандарга, жарандардын ыктыярдуу макулдугу менен жүргүзүлөт. Эмдөө 18 жаштан жогорку жарандарга жүргүзүлөт. Эмдөө күнү бейтап дарыгердин текшерүүсүнөн өтүшү керек: жалпы текшерүү жана дене температурасын өлчөө милдеттүү түрдө, эгерде дене табы 37 ° Сдан жогору болсо, эмдөө жүргүзүлбөйт », - деп билдирди Улуттук кардиология жана терапиця борборунун директорунун орун басары Назгүл Өмүрзакова.

 Анын айтымында, эмдөөнүн экинчи этабы биринчи этаптан 21-28 күн өткөндөн кийин болот. II компонентти колдонууга каршы көрсөтмөлөр болуп төмөнкүлөр эсептелет: анафилактикалык шок, катуу жалпыланган аллергиялык реакциялар, карышуу синдрому, дене табынын 40 ° Сдан жогору болушу.