Топчубек Тургуналиев... Кыргызстанда бул ысымды укпаган, билбеген адам жок. Чыгаан саясатчы, көрүнүктүү манастаануучу илимпоз агабыз жакында 80 жылдык мааракесин белгилегени жатат.
Кыргызстанда саясатчылар, илимпоздор топондой. Бирок Топчукедей оригиналдуу адам жок. Революциялардын башаты, нечен таланттар чыккан Аксы жергесинен Топчуке жарык дүйнөгө келиптир.”Таластан чыккан Жеңижок, анын таймашарга теңи жок. Кыргыздан чыккан Жеңижок, кылымда анын теңи жок. Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок” деп ырдалгандай, чындыгында Топчубек Тургуналиевдин теңи жок. Кайсыл жагынан албайлы, бул бир кайталангыс инсан. “Чыгаандын теңтушу болот, теңи болбойт” деген туура айтылган.
Топчукенин атасы мүнүшкерлиги, саяпкерлиги атагы чыкса, апасы колунан көөрү төгүлгөн уз болгон экен. “Аккан арыктан суу агат” деп бекер айтылбайт. Биз, медиктер адамдын сапаттарынын 60-70 пайызы тукум кубарын жакшы билебиз.Топчуке ата-энесин тартып куш салып, күлүк таптап, узанбаса да, чечендиги, саясатчылдыгы, адилетсиздикке каршы күрөшпөй тура албаган жоокердиги менен таанылды, элибиздин тарыхына кирип калды. Аны жакшы көргөндөр канча болсо, жаман көргөндөр да аз эмес, бирок баарысы анын айтканынан кайра тартпаган кашкөйлүгүн, өз принцибине бекем туруп, аягына чейин күрөшкөн эрктүүлүгүн, адилетсиздикке чыдай албаган эрдигин моюндашат, баалашат. Ал мурдагы Союзда кайра куруунун желаргысы башталганда эле ага активдүү аралашты, КДКны түптөөчүлөрдүн башында болду, Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны да жазды. Ал Аскар Акаевдин президент болушун жанын уруп колдогон, көп жолу жактап сүйлөгөн, а түгүл Акаевдин башына кыргыздын ак калпагын өз колу менен кийгизген,бирок Акаев чындыктан, туура жолдон тайганда биринчи өзү каршы чыгып, бийликтен кетүүсүн талап кылган. Аскар Акаевдин бийликтен кетишин талап кылып ачкачылык да жарыялаган. Анын азабын ашыгы менен тартты. Акаевди бийликке алып келгендердин көбү бешбармакты, казы карталарды ашап, суусундуктарына коньяк, виски жутуп жүрүшкөндө Топчуке түрмөнүн “баландасын” төрт жылдан ашык ашады. Бирок, майтарылбады, сынбады, Акаев: “кагаз жүзүндө мага өтүнүч жиберсе эле, аны ошол замат түрмөдөн бошоттурамын” деп нечен ирет айттырганына карабастан, “мен андан кечирим сурагандан көрө түрмөдө отурганым жакшы” деп көшөрүп туруп алды. Айласы кеткенде Акаев аны өтүнүч катсыз эле эркиндикке чыгарды.
Ага карата кылмыш ишинин козголушуна БГУда ректор болуп турганда студенттер үчүн чакан базар ачуу үчүн бердирген 10 миң доллар себеп болгон экен. Ал акчаны алган адам аны жоготуп жибергенби же башка жакка жумшаганбы, ал киши КГБнын адамы болгон деп да айтышат, иши кылып ал үчүн Тургуналиевди камашкан. Ал азыр жогорку окуу жайларынын каржылык мүмкүнчүлүктөрүнөн алганда, ректорлор миллиондорду калчап жатышканда, күлкү келтирерлик эле сумма.
Топчуке жетекчиликке, саясатка жана илимге кокустан келген адам эмес. Ал баардык тепкичти басып өткөн; маданият техникуму, Москвадагы маданият институту, КПСС БКга караштуу коомдук илимдер академиясы, докторантура, Кыргызстан КП БКнын сектор башчысы, опера жана балет театрынын директору, институттун кафедра башчысы, институттун директору, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору, “Манас” жана Чынгыз Айтматов академиясынын президенти...Булардын баарына өз эмгеги, мээнети менен жетишти. Мындай киши илимди, маданиятты, адабиятты, искусствону, аларга кошо саясатты мыкты билген адамга айланат. Топчубек Москвадан Коомдук Илимдер академиясын бүтүп келгенде эле даяр саясатчы, демократчы, революциячыл, оппозициячыл,кээде позициячыл, мекенчил, эгеменчил болгон. Санай берсе, бу кишинин “...чилдиги” өтө эле көп.
Топчубектин “түбөлүк демократ”, “Кыргызстандагы демократиянын атасы” деген кличкалары бар. Булар ага туура берилген, таамай айтылган, аларга татыктуу. Убагында марксисттик-лениндик идеяларга сугарылган менен азыр ал жөнүндө уккусу да келбейт, укса кыжыры кайнап кетет. Компартияга, адилетсиздикке, бюрократияга, трайбализмге каршы күрөшүп жүрүп докторлук диссертациясын жактаганга колу тийбедиби же башка жүйөлүү себептер болдубу, анысын билбейм, бу киши чыгынса, аны оңой эле коргоп коймок.
Топчуке өлкөнүн эгемендигине, сөз эркиндигине аябагандай чоң салым кошту, бирок курчтугунун кесепеттерин да көп көрдү. Жалаң “эркиндик”, “теңдик”, “советтик социалисттик империализм”, , “коррупционер шүмшүктөр” дей бербестен, дипломаттардай тилине этиет да болгондо, бул киши азыркыдан да көп нерселерге жетишмек, мындан чоң сый-урматтарга ээ болмок. Бирок, саясый, коомдук иштердеги жетишкендиктери салмактуу:
1. Кыргызстанга алгач демократияны жайылткан КДКнын тең төрагасы;
2. “Эркин Кыргызстан” партиясынын түзүүчүсү жана алгачкы жетекчиси;
3. Борбордук Азиядагы демократиялык күчтөрдүн уюштуруучусу жана координатору;
4. Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларациясынын авторлорунун;
5. Көз карандысыз Кыргызстандын алгачкы Конституциясынын долбоорун даярдоочулардын бири.
2010-жылы, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болуп турганда Люстрация жөнүндө мыйзам долбоорун жазды эле, аны парламент өткөрбөдү. Мындан ары деле ал мыйзам долбоорунун өтүшү кыйын, анткени ага бийликтеги чоң-чоң чиновниктер, бир катар саясатчылар гана эмес, ишкерлердин көбү, майда мекемелердин жетекчилери да илингени турат. Ошондуктан аны өткөрүшпөйт. Бирок, ал мыйзам долбоорунун идеясы, философиясы негизинен туура, ал керек, бирок кабыл алынса деле аткарылышы абдан кыйын. Ар бир жаранды жоругуна, кылмышына ылайык жазалай турган болсок, анда шапалак тийбеген эч ким калбайт. Ал эми Люстрация бардыгыбызга тийе турган шапалак.
Топчубек Тургуналиев “Манастын” идеясын, Чынгыздын ааламын рухуна гана эмес, канына сиңдирген адам. “Манас” деп жаздыгына баш койсо, “Манас” деп ойгонот. Күнүнө “Манас” деп жашабаса, Топчубектин башы ооруп калат. Анын сүйлөгөндөрү баарына жагымдуу болбосо да, өтүмдүү, өмгөктүү, басымдуу. Анда чечендик жана аткаруучулук жөндөм да бар.Ал кыраатын келтире тамгалап, муундап, интонациялап, маанилүү сөздөргө өзгөчө басым жасап сүйлөйт.Андай сөздөр адамдын жүрөгүнө түз кирип, кээ бирлерди сүйүндүрсө, айрымдарды чакчып чагып, мээге, жүлүнгө жете түшөт, дароо бир аракет жасаганга түртөт. Андайга барган адам Топчубектин өзүнө окшоп азабын тартып калышы да мүмкүн.
Топчукени көргөндө, айрыкча анын сөзүн укканда оюң ойногусу, тилиң сайрагысы келип каларына көп күбө болдум.Бу кишинин сүйлөгөнү эле эмес, турпаты, көрүнгөн сөөлөтү башкача, күлгөнү өзүнчө. Сырткы көрүнүшүнөн эле улуулуктун эпкини уруп турат.
Сөзүмдү төмөнкү ыр саптар менен бүтүргүм келет:
Атына заты жарашып,
Топчудай бек кадалган,
Тургуналиев деп аталган.
Беги менен Алысы
Калып калса айтылбай,
Кечирбейт мени баарысы.
Кокустан кыжыры кайнаса
Эч качан көнбөйт алдаса.
Тишин кайрап чайнаса
Өзүнүн күчү калбаса
Кайрылат сөзсүз “Манаска”.
Кем эмес ээги сакалдан,
Сер муруттун айынан
Оозу- мурду жабылган.
Кыйналбай кантип дем алат?
Кыйналбай кантип тамак жейт?
Мен ошого таң калам.
Канча жолу камалса
Ошончо ирет акталды,
Акыры
Өкмөт жактан баркталды.
Манас, Манас деп жүрүп
“Манас”- 1 ордени менен даңкталды.
“Бакырчаак төөнүн бары жакшы” дегендей, бар бол Топчуке! Кутмандуу карылыктын үзүрүн көрүп, көп жаша!
Миталип Мамытов,
академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры