Былтыр 17-декабрда кыргыз элинин даңктуу уулу Ахматбек Сүттүбаевич Сүйүнбаев 100 жашка толгон. Анын бул улуттук маанидеги юбилейи совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштун Улуу Жеңишинин 75 жылдыгына туш келген.
Ошону эстеп былтыр Кыргыз Республикасынын түрдүү мезгилдердеги парламентинин төрагалары ал кездеги президентке эң көрүнүктүү мамлекеттик ишмер А.С.Сүйүнбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наам берүүнү сунуштаган. Тилекке каршы, ал маселе ошол бойдон чечилбей калды. Сүйүнгөнүбүз, бүгүнкү президент өзүнүн Жарлыгы менен ушул жылдын 2021-жылдын 21-августунда бул улуу инсаныбызга “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наам берди.
Сүйүнбаев Ахматбек Сүттүбаевич 1920-жылдын 17-декабрында төрөлгөн. Туулган жери – Туркестан АССРи, Орто-Алыш айылы.
1939-жылы А.С.Сүйүнбаев Кызыл Армиясынын катарына чакырылып, согушта Белорус фронтунун 33-аткычтар дивизиясында болгон. Анын катарында Берлиндин Рейхстагын алууга катышып, согушту 1946-жылдын ноябрында советтик аскерлердин Германиядагы тобунун 207-аткычтар дивизиясынын 289-аткычтар полкундагы батальондун командиринин орун басары болуп аяктаган.
А.С.Сүйүнбаев эки жолку 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.
Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин Кыргыз ССРинин финансы органдарын жетектеген.
1955-жылы 35 жаштагы Сүйүнбаевди Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Раззаков Исхак Раззакович республиканын финансы министри кызматына Бюродо бекиткен. 1960-жылы Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасы болуп дайындалган.
1962-68-жылдары А.С.Сүйүнбаев Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун биринчи катчысы болуп иштеген. 1966-жылы ал жетектеген Ош облусу Ленин ордени менен сыйланган.
1968-78-жылдары А.С.Сүйүнбаев Кыргыз СССРинин министрлер советинин төрагасы болуп иштеген. Ал Кыргызстандын анык патриоту болгон. Биздин мекенибиздин өнөр-жай, айыл чарбасы жана маданиятынын гүлдөп-өсүшүнө зор салымын кошкон. Өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң кызмат кылган үчүн А.С.Сүйүнбаев эки жолу Ленин, үч жолу Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. КПСС Борбордук комитетинин мүчөлүгүнө кандидат, СССР Жогорку советинин 5-9-чакырылыштарынын депутаты болгон, көп жолу Кыргыз ССР Жогорку советинин депутаттыгына шайланган.
Өзүм бул улуу инсан менен 1990-жылы жакшы таанышып, көп жолу чай үстүндө чогуу болуп, суроо берип, так жооп алып, далай аңгеме курганбыз. Ошолорду эстеп, ток этер жерлерин силерге айтайын деп чечтим.
“1939-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылганда, атайын командирлердин курсунда окудум, аны аяктагандан кийин офицерлик наам алып, катарга турганда 65 кишинин артынан санаганда 7-болгом”.
Ойлоп көрсөңүздөр, Сүйүнбаев бойлуу киши болгон, анын алдында 58 жаш офицерлер турганын.
“И.В.Сталин алп киши болгон”,- деп айтчу Ахматбек ата.
Рейхстагы орус маршалл алыш керек деп Жуковго дайындаган. И.В.Сталинди жамандаганда чыдабай кетчү кайран киши. “Эң каттуу ыйлаганым Берлинди алганда, фашисттерди жеңгенде, согуш бүткөндө”- деп айтканын уктум Ахматбек атадан.
“Ошто иштеп жүргөнүмдө бөөдө кырсыктан кызым чарчап калды. Мага көңүл айтканга Өзбек СССРнинен Андижан, Фергана, Наманган обкомдорунун, Тажик ССРинин Ленинабад обкомдорунун биринчи катчылары келишти. Мени менен Сулайман-Тоонун көрүстөнүндө чогуу ыйлап турушту”. Мына, совет доорундагы досчулук, биримдик, адамгерчилик кандай деңгээлде болгон.
“1980-жылы ноябрдын ортосунда, анда мен Минкомхоздун министри элем,- деп Ахматбек ата сөз баштады:
- Күтүлбөгөн жерден Султан Ибраимович кирип келди. “Ой, тынччылыкпы?”- деп эле кучакташып калдык. “Жөн эле учурашканы келдим”, - деди өкмөттүн башчысы. Мени “байке”,- деп сөзүн улады:
- Сиз мен үчүн ыйык кишисиз, Берлинди алгансыз, сиздин ордуңузга Ошко биринчи катчы болуп бардым. Сиздин ордуңузга өкмөткө келдим. Чоң рахмат, Ахматбек байке. Сиз жөнүндө биринчи менен сүйлөштүм, Москвага менен ишке барасыз”, - деди. “Рахмат, Суке”, - дедим. Бирдеме ала келген экен, бир аз ичип, көпкө Кыргызстандын келечеги тууралуу сүйлөштүк”.
“Тилекке каршы, 1980-жылдын 4-декабрында Кыргызстандын келечеги болгон Султан Ибраимовду Чолпон-Атада атып кетишпедиби. Суук кабарды укканда кабинетти жаап алып, ушундай ыйладым. Өмүрүмдө мындай адамды көргөн жокмун. Анын харизмасы, күлгөнү, сүйлөгөнү, иштегени башкача болчу”.
Ахматбек Сүттүбаевич тууралуу дагы да көп жазылат деп ишенем. Мен болгону улуу инсандын пейилинин тазалыгын айткым келди. Ахматбек Сүйүнбаев тууралуу жазып, өзүмдү көрсөтөйүн деген жокмун. Болгону ушундай залкар адам менен аз болсо да сүйлөшүп калганыма, сөздөрүн укканыма сыймыктанам.
Аягында, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкон А.С.Сүйүнбаевдин элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталаарына жана мааракеси татыктуу белгиленишине ишенем.
Муратбек Мукашев, Булак: «Майдан. kg» гезити