Печать
Категория: Коом
Просмотров: 117

Бишкекте "Бекем тиштер" айлыгы өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш -чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү бөлүмү Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери менен бирге уюштурду. Иш-чаранын максаты бекер тиш дарылоо, аз камсыз болгон улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга медициналык жардам көрсөтүү, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды активдүү коомдук жашоого интеграциялоо.

Акция карылардын эл аралык күнүнө жана майыптардын эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

Бишкектиктерге ушул жылдын 31 -декабрына чейин медициналык колдоо КММАнын терапия жана стоматология факультетинин студенттери тарабынан көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө 58 жаран текшерүүдөн өттү, анын ичинде 34 бала стоматологиялык дарылоодон өтүштү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.