Алдыдагы парламенттик шайлоону утурлай, талапкер партиялардын "тагдырын" VB.KG сайты картага салып көргөн. Айтымчы Света Тойгонбаева аталган сайтка буларды айтып берген:
Азык-түлүк баасы
- Азык-түлүккө болгон баа дагы да өсө берет. Мунун айынан Казакстан менен чек ара жабылышы да мүмкүн. Ошондуктан, бийлик буларды эске алуусу керек. Мен бийликке карапайым эл менен өздөрүнүн жашоосунун айырмасын так билүүгө чакырат элем. Алар карапайым эл кантип жашап жатканын билүүсү керек. Көп өлкөлөр бизге жардам бере алышпайт, бир гана Өзбекстан баягыдай жардам колун суна берет.
Шайлоо
- Акчасы барлардын баары эле өтө калат деп айта албайм. Бул жолу элдин ишенимине ээ болгондор да өтүшөт. Айрым партиялардын ичинде конфликттер болоорун көрүп турам. Саясатчылар эски ыкмаларын колдонуудан баш тартышса жакшы болмок дейт элем. Ал жакшылык менен бүтпөйт.
4,5 жана 7 деген сандарды көрүп турам. Балким бул номердеги партиялар өтөт, а балким бул өто турган партиялардын саны болушу да ыктымал.
Мүмкүнчүлүктөр тууралуу айта турган болсок: "Ата Мекен" менен "Ишенимде" бирдей. "Альянс" менен "Азаттыктын" мүмкүнчүлүгү окшош.