Кыргыз Республикасынын экс-президенти Курманбек Бакиев коомдук жана мамлекеттик ишмер Кошбай Масировду 70 жаш торколуу курагы менен куттуктады. 

“Кошбай Мисировду мен көп жылдан бери тааныйм. Ортобузда мамлекеттик кызматтарды чогуу аркалаган кесиптештик, жай турмуштагы достук мамиле бар. Жашоодогу ар кандай кырдаалдар биздин мамилебизди бузган жок, тескерисинче бекемдеди. 70 жаш – адамдын турмушка каныгып, даанышмандыгы артып, көз карашы тереңдеп турган учуру. 70 жаш – адамдык акыл-парасаттын толуп, дүйнө тааным бир канча тепкичке көтөрүлгөн кез. Жашка жаш кошулган сайын адам жоготууга учурабайт, тескерисинче, ар бир жылдан топтолгон тажрыйба көбөйөт. 

Мен Кошбай Масировду кесипкөй адис катары тааныйм. Адамгерчилиги бийик, калыстык, акыйкаттуулукту туу туткан адам деп билем. Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышына, алдыга кадам ташташына эбегейсиз салым кошкону коомчулукка белгилүү. Ушундай адамдар бар үчүн кыргыз мамлекети дүйнө кыйырында өз ордун тапты. 

Жакын досумду, ардактуу адисти туулган күнү менен куттуктап жатып, узун өмүр, чын ден соолук тилейм. Мындан ары да артта келаткан муунга акыл-кеңешин айтып, жасаган эмгегинин үзүрүн көрсөткөн бакыбат карылыкта бар болушун каалайм. Торколуу тоюң кут болсун”, - деген куттуктоосунда Бакиев Курманбек Салиевич. 

Белгилей кетсек, Кошбай Масиров ушул жылдын май айында 70 жашка толгон. Бирок пандемиянын айынан убагында юбилейлик тоюн өткөрө алган эмес. А учурда достору, жакындарынын суранычы менен 70 жашын 16-октябрда белгилөө алдында турат. 

Маалымат үчүн: 

Кошбай Масиров – 1951-жылы 9-майда Ош облусунун Кара-Көл шаарында төрөлгөн. Кесиби – инженер-энергетик. Эмгек жолун “Нарын ГЭСинен” баштаган. Андан кийин Талас облустук ЛКСМ комитетинин бөлүм башчысы, “Нарынгидрострой” парткомунун катчысы, Кара-Көл шаарды комитетинин экинчи катчысы, Эл депутаттарынын Кара-Көл шаардык Советинин аткаруу комитетинин төрагасы, Кара-Көл районунун администрация башчысы, Таш-Көмүр районунун администрация башчысы, Москва районунун администрация башчысы, Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштеген. 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен эки жолу, Эл достугу ордени, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Анын жетекчилиги алдында Таш-Көмүр жана Шамалды Сай ГЭСтери долоордук кубаттуулукка чыгарылган. Бишкек-Ош автоунаа жолун реконструкциялоонун үчтүндө иштеген, Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасын реабилитациялаган. Анын өлкө үчүн жасаган иштерин тизмелөөгө барак чак келбейт. Замандаштары, кесиптештери Кошбай Масировду өз заманынын баатырына теңешет, кайсы жерде иштебесин калыстыкты карманган, иштин көзүн билип, өлкө кызыкчылыгындагы аракеттерде өзүн аябаган патриот, мамлекеттин ташына да зыян келтирбеген таза инсан деп айтышат.

(Сүрөттөр Курманбек Салиевичтин жеке архивинен алынды)