Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу депутаттыкка талапкерлигин коюуга БШКга арыз жолдогон. БШКнын маалыматына караганда, ал  N35 Ак-Суу шайлоо округунан өзүн көрсөткөн. Ал арызды 11 -октябрда берген.

Эске салсак, Дамирбек Асылбек уулу 2018-жылы Казакстанда  криминалдык коомду түзүү жана контрабанда үчүн айыпталып, кармалгып,  он жылга эркинен ажыратылган. Экс -депутат менен бирге дагы 11 жоопко тартылган. Аларга "экономикалык контрабанда" жана Кытайдан Казакстанга жана Орусияга контрабанда жол менен товар ташыган деген "трансулуттук уюшкан топко" тиешеси бар деген айып тагылган.

2019 -жылы ал Кыргызстанга экстрадицияланып,  СИЗО-1де отурган. Бир жыл мурда, 2020-жылдын августунда эркиндикке чыкканы маалым болгон.