Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев президенттин кеңешчиси кызматына дайындалып, анын ордуна Сүйүнбек Касмамбетов келди. Ал буга чейин президенттик администрация башчысы болуп иштеп келген.
Жаңы мамлекеттик катчынын ишти жакшы алып барып, идеологиялык саясатты туура жүргүзөт деген ишенич чоң. Себеби, Сүйүнбек Касмамбетов улуттук баалуулуктарга, нарк-насил, руханий мурастарга суугарылып чоңойгон инсан десек болот. Айтылуу манасчы, кыргыздын ыйык “Манасын” кастарлаган Сапарбек Касмамбетовдун уулу. Сүйүнбек мырза эрезеге жеткенден бери мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалап келатат. Өз ишине болгон жоопкерчилиги, иш билгилиги, мамлекекеттик башкаруу системасын жакшы билгендиги, анан мамлекетчилдиги менен айырмаланган инсан.
Өлкөбүздүн жаңы башкы идеологунун ишине ийгиликтерди каалап, идеология маселесинде “музду ордунан жылдырып”, артылган ишенимди татыктуу аткарса деген каалообузду айткыбыз келет.
Булак: “Майдан. kg” гезити