Печать
Категория: Коом
Просмотров: 172

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 13-октябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге коррупцияга каршы күрөш тууралуу суроо узатты. Ал "жетекчилердин баары тойдо жүрүшөт, ишти ким кылып жатат" дегендей кылды. 

Буга жооп берип жатып Камчыбек Ташиев керексиз сындан көрө олуттуу сунуштун пайдасы көбүрөөк болоорун белгиледи. 

"Сынга алуу жакшы, биз сиздин сыныңыз менен алдыга баратабыз. А бирок жаманатты кылуу шайлоо алдында силердин топточу упайыңар. Сиздин сурооңузга жооп берүү үчүн бир жылда УКМК эмне иш кылганын айтайын. Бир жылга жакын убакытта 7 жарым миллиард сом чогулттук. Беш миллиард доллардын 3 миллиарддын бир компаниядан алдык. Ар кайсы коррупциялык иштердин жүзүн ачып, ар биринен мамлекетке келтирген зыяны иретинде бир, эки, беш, он миллиондоп чогултуп атып, жалпы сумманы 7,5 миллиард сомго жеткирдик. Бир убактарда ушул жерде отуруп да коррупционерлер өлкөнү башкарып жатканда сын-пикириңерди жада калса шыбырап да айта алчу эмес элеңер. Биз аларды отургуздук, дагы да отургузабыз. Той-пойго, куран окутууга чогуу барсак да, ал коррупция менен алектенсе, жазасыз калбайт. Анын катарында мыйзам бузсаңыз сизди да бул жерде менин катарымда отурганыңызга карабай жазалайбыз. Бирөө менен тойго барсаң, ал достошуп калды дегенди билдирбейт. Кыргызда куран окутуу, той берүү -салт. Эсиңерде болсун. Ошондуктан, Дастан Далбаевич, олуттуу сын айтыңыз, орундуу сунуш бериңиз. Сизден бир да олуттуу сын уга элекмин, баары керексиз сындар. Кантип өлкөнү өнүктүрөбүз, ошону айтыңыз? Биз жөндүү сунуштарды аткарабыз", - деди Камчыбек Ташиев.