Бүгүн Жогорку Кеңеште УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, уюшкан кылмыштуу топ жана фармакологиялык мафия менен күрөшүү тууралуу айтты. 

"Кылмышкерлер мамлекетибизди ороп алган болчу. Алар мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, мамлекеттик ишканаларга кол сала башташкан. Азыр андайлардын тамырын кырктык. Уюшкан кылмыштуулуктун бир мүчөсү башын көтөрүп көрсүнчү, башын жанчыйбыз", - деди. 

Ошондой эле, фармакологиялык мафия тууралуу да белгиледи: 

"Бул каржылык мафия. Бул жерден дары-дармек менен камсыздоо деген департамент өз милдетин аткарбастан, кылмышкерлер менен биригип алып туруп, элдин канын соруп атышат. Мамлекет өз функциясын аткара албай калган. Булар тескерисинче ошолорго кошулуп алып, дарынын кымбаттыгын камсыздап, финансылык мафияны түзүшкөн. Азыр УКМК фарм-мафияны толугу менен көзөмөлгө ала баштады, учурда үч-төртөө абакта отурат. Бул чек эмес. Биз адистерди гана кармадык, эми Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине да жетебиз. Бир катар депутаттар мурунку депутаттардын фармкомпаниялары бар. Мурунку министр Космосбек Чолпонбаевдин карындашынын да фарм-мафиясына тиешеси бар, аны министрликтин деңгээлине чыгарып алышкан. Октябрь ичи дары-дармекке болгон баа кескин төмөндөйт", - деди УКМКнын башчысы.