Кыргызстандагы инвестордук климатка ЖК депутатынын маалыматты тактабай туруп коомчулука жарыялоосу түздөн-түз терс таасирин тийгизүүдө.

Аккулу Бердиев стал новым депутатом Жогорку Кенеша – Новости из Кыргызстана  – АКИpress

Буга чейин депутат Аккулу Бердиев Чоң-Алай жергесинде инвестордук келишимдин негизинде тоо-кен тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан "Гик Кайди" компаниясы тарабынан мыйзамдуу жол менен ташылып жаткан концентратты "мыйзамсыз, коррупциялык схема" деп атап, коомчулуктун аталган компаниянын жумушуна карата терс пикирин жаратканы белгилүү. Депутат Бердиев бул кадамы менен биринчиден жергиликтүү тургундардын, жалпы кыргыз элинин Кыргызстанда ишмердүулүк кылып жаткан инвесторлорго карата туура эмес пикирде болууга түрткөнү түшүнүктүү. Кечээ, 12-октябрь күнү "Гик Кайди" компаниясынын ишмердүүлүгүн толугу менен кайрадан текшерип чыгуу үчүн Министрлер Кабинетинин демилгеси менен 14 адамдан турган комиссия түзүлүп, ишин баштаган. Ал топко ЖК депутаты Аккулу Бердиев да кошулган. Бирок социалык тармактар жана бир катар маалымат каражаттары аркылуу депутат Бердиев, ушул күнү дагы мыйзмдуу негизде Кыргызстандын аймагынан сыртка "Гик Кайди" компаниясы тарабынан чыгарылышы керек болгон жүк ташуучу унаалардын чыгышына тоскоолдук жаратканын жарыялап, өзүнө саясий упай топтоо менен алектенип жатканын көрсөттү. Бул көрүнүш - мыйзамдуу иш алып барып жаткан инвестор үчүн кезектеги тоскоолдукту жаратты.

Натыйжада, "Гик Кайди" компаниясы менен келишимдик негизде жүктү ташып берүүгө келген оор жүк ташуучу унаалар, мындай талаштууу, каралоо аракеттеринин шартында жүк ташуудан баш тартышкан. Ал эми Чоң-Алай жергесинде иштеп жаткан, Кыргызстандын мыйзамдарын так сактап, тийиштүү салыктарын өз убагында төлөп жаткан компания бул жолу дагы ири чыгымга учураганын билдирди. Бул көрүнүш саясий амбициясынын негизинде кадам таштап жаткан депутат Аккулу Бердиевдин "шарапаты" менен болду. Алдыдагы шайлоо өнөктөштүгү башталып калганын, аны үчүн кандай жол менен болсо дагы элге жакшы көрүнүп, саясий упай топтоо зарылчыгы турганы түшүнүктүү. Бирок бул аракеттер Кыргызстандын мыйзамдарына жана кызыкчылыгына каршы келген жолдор менен жасалып жатканы, тетирисинче депутат боломун деп жаткан кишилердин элге жакшылык кылбай эле, жамандык жасап, мамлекеттин дүйнөлүк аренадагы инвестордук климатына чоң зыянын тийгизип жатканы өкүндүрөт. Ал эми аталган компания болсо, депутаттын бул аркеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү менен сотко кайрылууга камынып жатканы белгилүү болду.