Акүй, Көкүй тараптан келген шыбыштарга ишенсек, жакында ири кадрдык өзгөрүүлөр күтүлгөнү жатат. Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабачы эле..

Имиш-имиш кептерге ишенсек, бүгүнкү министрлер кабинетинин башчысы У.Мариповдун ордуна “сууга салса чөкпөс, отко салса күйбөс” Акылбек Жапаров келет экен. Ал эми анын орун басары болуп, УКМК төрагасы кызматын сактоо менен Камчыбек Ташиев келет деп айтылууда. Бирок дайыма биринчи болууну көздөгөн Камчыбек мырзанын Акылбек Жапаровдун орун басары болоруна ишенүү өтө эле кыйын. Андыктан бул маалыматтын чындыгы күмөн жаратат.

Мындан сырткары, жаңы мыйзамга ылайык, министрлер кабинетинин аппараты 30 %гы кыскарары күтүлүүдө.

Кызыгы, акыркы учурларда одиоздук фигурага айланган Акылбек Жапаровдун министрлер кабинетин башкаруусу канчалык өзүн актайт? Эл, коомчулук кандай кабыл алат? Өлкөнү башкарып жаткандардын, саясатчылардын баштарын  бириктирген консолидациялык милдетти аткара алабы? Же...

Булак: «Майдан. kg» гезити