Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Чолпонбек Абыкеев Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.